Жөө жүргөн депутаттардын Жолдошбаевге жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев айрым депутаттар менен алардын жардамчыларынын жөө жүргөнүнө уяларын билдирди. Мындай пикирин эл өкүлү кызматтык автоунаалардан баш тартуу маселесин карап жаткан учурда айтты. Жолдошбаев кызматтык машинелерден айрым депутаттар баш тартканы менен, ал унааларды башкалар колдонуп, баары бир бюджеттен акча коротулуп жатканын кошумчалады. Биз Жогорку Кеңештин жөө жүргөн депутаттарынын бул боюнча пикирлерин уктук.

Аида Касымалиева, ЖК депутаты: “Мен жөө жүргөнүмө уялбайм да. Сыймыктанбайм да”

Жөө жүргөн депутаттардын Жолдошбаевге жообу— Мен ал кишини (Ред.: Камчыбек Жолдошбаевди) түшүнгөн жокмун. Ал биз үчүн уялбай эле койсун, биз өзүбүз уялбай эле жүрөбүз коомдук транспортто. Бул үчүн мен уялбайм дагы, сыймыктанбайм дагы. Көп журналисттер менден “Сыймыктанасызбы?” деп сурап калышат. Мен маршруттук таксиде, троллейбуста, же таксиде жүрөм деп өзүмдү өзгөчө көрсөткүм деле келбейт. Муну коом дагы, депутаттар өздөрү дагы күнүмдүк турмушта боло турган кадыресе эле көрүнүш катары караш керек. Бул нерсе өөн учурабашы керек. Жөө жүрсө эмнеге болбосун? Менин үйүмдөн жумушка чейин маршрутка жок, ошон үчүн кышында такси чакырам, жайында жөө жүрөм. Бул абройго шек келтирбейт.

Карамат Орозова, ЖК депутаты: “Жолдошбаев оюн туура эмес айтып алды”

Жөө жүргөн депутаттардын Жолдошбаевге жообу— Камчыбек Жолдошбаев кесиптешибиз жигит катары, кызматтык унаасы жок депутат-айымдар кыйналып жатат деген  маанини айтам деп, оюн туура эмес жеткирип алды. Анткени, алардын өздөрүнүн унаалары бар, аларды алганга мүмкүнчүлүктөрү бар дегендей. Алар машинелер менен келсе, биз маршруттук таксилер менен жүрсөк ошого уялып жатканын, кызматтык унааларды мына ушул аялзатына берели деген оюн айтып жатат. Мен өзүм коомдук транспортто жүргөнүмө намыстанбайм, эки жыл депутат болгонго чейин жөө эле жүргөнбүз да, анын эч кандай айырмасы жок. Кызматтык милдеттерди аткарууга кызматтык унаалардын зарылчылыгы болуп жатат деген маселени ал киши жеткирип айта албады. Жумушка эле келип кеткенде проблема жок, кээде жолугушууларга аймактарга чыгып каласың, барганда такси күтүп турбайт, мына ушундай жагдайларда ыңгайсыздыктар жаралып калып жатат.

Наталья Никитенко, ЖК депутаты: “Элдин көйгөйүн машиненин айнегинен карабай, жанынан таанышканга пайдалуу”

Жөө жүргөн депутаттардын Жолдошбаевге жообу— Мен маршруттук таксиде жана троллейбуста көп жүрөм, өзүмдүн машинем жок, ошондуктан бул мен үчүн кадыресе эле көрүнүш. Аябай шашып жаткан болсом такси чакыра калам. Мен мындан уялмак тургай, бийликтин өкүлдөрү, аткарминерлер үчүн шаар аралап жүрүү керек нерсе деп ойлойм.  Бул эл менен жакын болгонго гана эмес, алар менен түзмө-түз иштешкенге жардам берет, алардын көйгөйлөрүн машинелердин айнегинен карабай, чыныгы турмуш кандай экенин көргөнгө пайдалуу.

Евгения Строкова, ЖК депутаты: “Биз кызматтык машинеден баш тартканыбыз менен аларды бөлүмдөрдөгү кечээки кыздар айдап жүрөт”

Жөө жүргөн депутаттардын Жолдошбаевге жообу— Жолдошбаев мырза-депутаттар машинеде жүрүп, айым-депутаттар жөө жүргөнүн айтты. Алар канчалык колунда бар болбосун, баарына машине сатып бере алышпайт да. Мыйзам боюнча каралган кызматтык унаадан Жогорку Кеңеш баш тарткан, бирок андан мамлекет пайда көргөн жок. Ал машинелерди бөлүмдөрдө иштеген кечээки кыздар айдап жүрөт. Мен өзүм тууралуу айта турган болсом, жөө жүргөнүмө намыстанбайм, өзүмдүн элимдин арасында коомдук транспортто жүргөн мага жагат. Бирок, аймактарга чыгып эл менен жолугуша албайм, анткени, машине жалдап барсаң, ал кымбат түшөт. Менин кесибим болсо эл менен жолукканды талап кылат.

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: «Жолугушууларга бара албай, ыңгайсыздык жаралат»

Жөө жүргөн депутаттардын Жолдошбаевге жообу— Бул чакырылыштын ишмердүүлүгүнө эки жыл болуп калды, бир жардамчыдан жана кызматтык унаадан баш тартканбыз. Мен коомдук транспортто жүргөндөн уялбайм, троллейбуста жүрөм, маршруттук таксилерде тыгын көп болгондуктан, анда жүргөн жакпайт, көбүнчө жөө басам, таза абада жүргөн жагат. Бирок жолугушууларга бара албай ыңгайсыздык жаралат. Ал чындык. Такси чакырасың, ал кээде убагында келсе, кээде кеч келет. Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган, анын чечимине баш ийип иштеп келе жатам.

ВИДЕО

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты