Спикер Дастанбек Артисбекович “моюнча”

Спикер Дастанбек Артисбекович “моюнча”Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн, 1-февралдагы парламент жыйынында, калкты жылуулук менен камсыз кылуу боюнча олуттуу маселе каралганда (31-январда) Жогорку Кеңеш спикери Дастанбек Артисбекович Жумабеков өкмөт башчысын ачыктан-ачык колдоп, каршы айткандарды сындап турганын билдирди.  

 “Мурун деле спикерлер өкмөт башчыга каршы болгон эмес, бирок алар позициясын парламентке таңуулабай, калыс болушчу. Ошондо парламенттин бедели өсчү. Менин эсебим боюнча төрага 8-9 жолу премьер-министрди колдоп, комментарий бергени мени таң калтырат. Сыртта бир миллион эл суукта калып жатат. Ошондуктан регламент сакталбай, ал маселе чаржайыт болду. Конституциянын 78- беренеси бузулду.  Биз премьер-министр менен иштешибиз керек. Бирок ачыктан-ачык колдоо парламенттин кадыр-баркына шек келтирет” деди Каныбек Иманалиев.

Ал эми биздин редакция журналисттеринин байкоосунда,  кечээ, 31-январда парламентте Бишкек жылуулук электр борборунун үйлөргө жылуулук бере албай жаткан маселеси талкууланганда спикер Дастанбек Жумабеков “моюнча” деген сөздү кайталай берди. Диалекти сөздү көпчүлүк түшүнбөй калышы мүмкүн, бул “боюнча” деген эле сөз.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты