Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланат


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, расмий иш сапары тажик президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болмокчу.

Иш сапарынын жүрүшүндө Жээнбеков Тажикстандын президенти, премьер-министри жана спикери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт. Күн тартибине киргизилген маселелердин арасында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо да бар.

Президенттин Тажикстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, эки өлкө башчылары биргелешкен билдирүү менен чыгары айтылды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты