Сапар Исаков: “Ал жерде «коррупция бар, кээ бир тетиктерди салдык деп салбай коет» деген имиштер айтылууда”

Сапар Исаков:  “Ал жерде "коррупция бар, кээ бир тетиктерди салдык деп салбай коет" деген имиштер айтылууда”
Бүгүнкү, 31-январдагы парламенттик талкууга ЖК депутаттары премьер-министр Сапар Исаковдун өзүнүн келишин талап кылышты. Жыйында Сапар Исаков жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экенин, бирок акча жок, анын айынан кырсык болуп кетиши мүмкүн деп акционердик коомдон айтышкан эместигин, ал жакта “коррупция бар, кээ бир тетиктерди салдык деп салбай коет деген имиштер айтылууда” деди.
“Насостун ичи кир, ылай болуптур. Насосту тазалагыча от казандардын баары катуу сууктан тоңуп калыптыр. Резервдеги казанды иштетели десе ал да иштебей коюптур. Бул ТЭЦте көйгөй бар дегенди түшүндүрөт.
Кырдаал үчүн жоопкерчиликти алганга даярбыз. Бирок акционердик коом тарабынан, «акча жок, кырсык болуп кетиши мүмкүн» деп эскертишкен эмес. Эки чоң жыйын өткөргөндө “кышка даярбыз» деп отчет беришкен. Мен жоопкерчиликти өзүмө алам. Кырдаалдын кесепети эмнеден улам болгонун, кимдерди жумуштан алыш керектигин чечем. Ал жерде «коррупция бар, кээ бир тетиктерди салдык деп салбай коет» деген имиштер айтылууда” деди.
26-январда Бишкек ТЭЦи борбордук жылытуудагы үйлөргө жылуулук бере албай, үйлөр 30-январга чейин жылуулуксуз калган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты