Өткөн жылы казынага 1, 6 млрд сом салык түшпөй калды

Өткөн жылы казынага 1, 6 млрд сом салык түшпөй калды
КР Салык кызматы билдиргендей, 2017-жылы өлкөнүн бюджетине 1, 6 млрд сом салык каражаты түшпөй калды.
Алардын маалыматы боюнча 2017-жылы 73 миллиард 461,3 миллион сом түшүп, план 97,7 пайызга аткарылган. Республикалык бюджетке 54 миллиард 954,4 миллион сом түшкөн. Ал эми план боюнча 61 миллиард 576, 9 миллион сом болчу. Ошентип, республикалык бюджетке 1, 6 миллиард сом түшпөй калды.

Ал эми 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 5 миллиарл 641,5 миллион сом көп жыйналды.

Ири салык төлөөчүлөрдүн арасынан болжолдуу көрсөткүчтөрүн Бишкек шаары, анын ичинен Ленин жана Свердлов райондору, Чүй облусу, Нарын облусунун Жумгал району, Талас району жана Талас шаары аткарган жок” дейт республикалык салык кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты