280 бала бакчаны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды
- 1 год мурун
![280 бала бакчаны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/01/328257521_950554749284315_4502802634520990423_n-e1675075037237.jpg)
280 бала бакчаны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыска мөөнөттүү 280 бала бакчаны түзүү максатында буга чейин тандалып алынган имараттарда, кааналарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү (реабилитациялоо), санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү (септик, сантехникалык жумуштар) үчүн тендер жарыяланды. 32 курулуш компанияларына жарыя тууралуу кабар берилди.
Муну бөлүшүү