28-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 28-августта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36;
Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33;
Бишкекте күн ачык болот. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +33…+35 градус ысык.
Муну бөлүшүү




