Юрий Бобков, КР Эл артисти: “Жанетта менен бир пикирге келдик, эми жаман айтышпайбыз”

Юрий Бобков, КР Эл артисти: “Жанетта менен бир пикирге келдик, эми жаман айтышпайбыз”Кыргызстандагы маалымат сайттарынын бирине КР Эл артисти Юрий Бобковдун фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынган делген, келини Жанетта Бобкованын айткандарына карата жооп иретинде, анын жүрүм-турумун сындаган ачуу сөздөрү жазылган эле. Бирок Юрий Бобков үй-бүлөлүк маселе  чечилгенин, эми келинине карата жаман пикир жазбай турганын биздин редакцияга билдирди.   

Бул тууралуу Юрий Бобков минтип жооп берди:

—Жанетта өзү баштап, Денис тууралуу ачуу сөздөрдү жаза баштаганын айтышты. Мен интернет менен деле ишим жок. Окуп көрүп, мен жооп берип койдум. Андан соң Жанетта телефон чалганда ачуу менен жазган сөздөрүмдү кайтарып алдым. Ал жазуулар фейсбуктагы баракчамдан өчүрүлдү. Кайсы сайт жазса дагы, мурунку айткандарымды өчүрүп таштасын, бул биздин жеке, үй-бүлөлүк маселелерибиз. Биздин ишибизге киришпегиле. Жанетта менен бир пикирге келдик, Мындан ары жаман сөз айтышпайбыз, — деди ал.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты