Бишкек  ТЭЦи: Кылмыш иши козголду

Бишкек  ТЭЦи: Кылмыш иши козголдуКР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 30-январда Бишкек ТЭЦинде түзүлгөн кырдаал боюнча КР Кылмыш кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү менен (шалаакылык) кылмыш иши козголду.  

“КР өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитетинин, башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле “Улуттук энергохолдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун (ААК), “Электр станциялары” ААКынын жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн милдеттерин аткарбай, кышка карата даярдык иш-чарасын талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн, Бишкек ТЭЦинин шаймандары технологиялык жактан иштен чыгуусу орун алган жана ал өз убагында жөнгө салынган эмес.

Анын натыйжасында жылуулук менен камсыздоонун температуралык режими төмөндөп, Бишкек шаарынын көпчүлүк бөлүгүндө, “Туңгуч”, “Аламүдүн”, “Көк-Жар” кичи райондору, “Чыгыш-5”, 5, 4, 3, 6, 7, 8, 10, 12, 11, “Асанбай”, “Улан”, “Түштүк-2” кичи райондору жана башка социалдык мекемелер, анын ичинде, №3 балдар ооруканасы, №1 балдардын кургак учук ооруканасы, №4 төрөт үйү жана башка социалдык объекттер жылуулук менен камсыз болбой калган.

Козголгон кылмыш иши иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга тапшырылды. Анын жүрүшүндө абал эксперттик талдоого алынып, жоопкер адамдар аныкталат жана кылмыш жообуна тартылат” деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

       

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты