“Саат төрттө үйүңөр жылуу болот” деди Сапар Исаков
- 6 лет мурун
- Блог
30-январда “Ачык өкмөт” аттуу конференцияда, бүгүн саат 16.00дө жылуулук берүү калыбына келип, үйлөр жылуу болорун премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
26-январда чыккан Бишкек ТЭЦиндеги жылуулук берүү көйгөйү 27-январда кечки саат 10.00дө калыбына келет дешти эле. Андан бери батирлерде баягыдай эле суук болууда. 29-январда энергетиктер качан жылуулук берилээрин конкреттүү айта алышкан эмес. Бүгүн, 30-январда, Сапар Исаков саат 16.00до жылуулук калыбына келет деп убада берди.
“Үч күндөн бери батирлерде үшүп жатабыз. Жакынкы убакта квартираларга ысык суу келет. Саат 16.00до үйлөр жылып калышы керек” деди премьер-министр.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!