Ош базарында өрт чыкты!

Ош базарында өрт чыкты!

Бүгүн, 30-январда, саат 9. 48де Ош базарында өрт чыгып, өчүрүлүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Сейтек” деп аталган кичи базарынан  чыккан. Өртү өчүрүүгө 5 машина жиберилген. 

Ал эми эл жакшы билгендей, кичи базарда кийим-кече, көбүнчө Кытайдын синтетика товары сатылгандыктан, ал болуп көрбөгөндөй күйөт эмеспи. Ош базары тегерете курчалып, өчүрүлүп жатат.

Алдын-ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок деп айтылууда. Бирок социалдык түйүндөрдө     сатуучулардын айрымдары эсинен танып калганын жазышууда. Өрттүн себеби аныктала элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, саламаттык сактоо министри, милиция кызматкерлери—эми баары, өрт болгон жакта жүрүшөт.

Кийинки кездерде өлкөдө өрт кырсыгы күч алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап келет. Суткасына өлкөдө 9-11 өрт чыгууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты