Касапчы

Касапчы“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, ар бир кыргыз жигити мал союу, жиликтеп устукандарга бөлүштүрүүнү билүүсү милдет. Тилекке каршы,  учурда “мен мал сойгонду билбейм” деген жаштар четтен чыгат. Бул чынында кыргыз баласы үчүн уят көрүнүш. Бирок мал союуну кесип катары пайдаланып, бул жөндөм менен өз үй-бүлөсүн багып келгендер да жок эмес. Алардын бири — өз ишин мыкты билген, касапчылык өнөрдү 20 жылдан бери аркалап келе жаткан Кубанычбек мырза бул өнөр туурасында кызыктуу маек куруп берди.

— Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
— Өзүм Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом. Касапчылык кесип атамдан өткөн десем деле болбойт. Негизинен ар бир кыргыз жигити мал союп, аны жиликтегенди билүүсү милдет. Мен дагы бала кезде үйдө мал союлуп, кызыгып жардам берип жүрүп эле үйрөнгөм.

— Кайсы билимдин ээсисиз жана бул кесипке кандайча келип калдыўыз?
— Жогорку билим алган эмесмин, орто билимим бар. 1996-жылдары шаарга келип, ушул Аламүдүн базарында 1997-жылдын аягынан бери эт чаап иштеп калдым. Базарда союлуп келген малдын этин чаап, бөлүп берип иштейбиз. Бул жерге малдар шаардын ичинде атайын мал сойгон жерлер, кээ бирлери тирүү эле сатып алып союп анан алып келишет. Андан тышкары аш-тойлордо, жамандык-жакшылыктарда мал соебуз.

— Сыртка чыгып мал сойгондун акысы кандай болот?
— Малын союп, бардыгын ырастап, бышырып берүү үчүн орто эсеп менен 4000-5000 сом акы алынат. Азыр көбү баш-шыйрак куйкалап, ичеги-карын артканды биле беришпейт. Кээ бир учурларда кардар менен кошо мал тандашып, аны союп, устукандап, эгер үй ээси билбесе баш-шыйрак куйкалоо менен ичеги-карын артып, башынан аягына чейин өзүбүз тейлеп беребиз. Жылкы баласын сойгондо чучук чыгарып берүү да биздин милдет. Бул кызматтын баары жогоруда аталган каражаттын ичинде болот. Андан тышкары, базарга да союлат. Анда жиликтелбейт, жөн гана терисин сыйрып, ичин таза кылып союп беребиз. Ал кызмат 1000 сомго бааланат.

— Шашылыш болуп калган учурларда мал союу канча убакытты талап кылат?Касапчы
— Койду ашып кетсе 15-20 мүнөттө, ал эми чоң бодо малдарды союу 40 мүнөттөй убакытты талап кылат. Азыр эт кескен станоктор чыгышы менен жумуш кичине жеңилдеп калды десем болот. Балта, бычак менен жиликтерди бөлүштүрүү колду кичине кармаса, станок убакытты дагы үнөмдөйт.

— Сизге көбүнчө кайрылган кардарлардын талабы кандай?
— Биз алгач кардар менен сүйлөшүп, бир чечимге келип алабыз. Алар кандай талап койсо ошого жараша иш алып барабыз. Мисалы, жылкы баласынан болжол менен 170-180 устукан кенен чыгат. Ар кайсы облустарда эт тартуу ар кандай. Маселен, Нарында уйдан уча чыгарбайт, жылкыдан гана чыгарат, ал эми көлдө уйдан да уча чыгарат. Койдун башын устукан катары алсак, аны Чүй тарапта сакалдуусуна тартса, Нарында кичүүсүнө тартылат. Бул сыяктуу айырмачылыктан ката кетип калбашы үчүн кардардын айтымы боюнча жасайбыз.

— Дагы кандай кызмат көрсөтөсүңөр?
— Эң башкысы эт менен байланыштуу колдон келгендин баарын жасап беребиз. Мисалга, куда-сөөк тоскондо биринчи эт тартат, андан соң түштөндүргөнгө козу гриль же ташкордо сыяктуу эле эчки этинен жаа бөйрөк жасалат. Ал алгач маринаддалып  бууга бышырылат. Бул да сыйлуу тамактардын катарына кирет. Мындай кызмат көрсөтүү баары биригип 5000 сомду түзөт. Бүт даярдап алып келип беребиз (малы ичинде). Ошондой эле тогуз каттан өрдөк, өпкөнү куюп жасаган ак кууларды да жасап беребиз. Баалары сүйлөшкөнгө жараша 1000дин тегереги болот.

— Жаздын күнү кайсы малдын этине суроо талап күч болот?
— Негизи өзү жазында байлаган малдар тартышыраак болуп калат. Азыр уйдун эти бир аз кымбатыраак. Анын сан эти, кабыргалары ар кандай баада. Учурда кафе-ресторандарда “стейк” деген тамакка суроо талап күч болгондуктан, арканын баштарынын да баасы бир аз кымбат. Ал эми моюн эттери, кол эттер бир аз арзан сатылат. Жылкынын этин жазда адам алсырап турганда (узун сары мезгил деп коет) жеген пайдалуу. Илгери кыргызда ысык, суук деген оорулар бар эмес беле, ысыктап кеткенде уйдун этин, сууктаганда жылкы, койдун этин жешкен.

— Базарда бул кесипти канча киши аркалайт?
— Негизинен касапчы деп сырттан союп иштегендер айтылат. Базардын ичинде этти бөлүп чаап берген 6-7 бала бар. Ар бирибиз бөлүштүргөн малдын санына жараша акыбызды күнүнө алабыз. Такыр чабылбай калган учурлар дээрлик кездешпейт.

— Күнүнө канча малдын этин бөлүштүрөсүңөр?
— Бир гана кой этин алганда учурда Аламүдүн базарында күнүгө орто эсеп менен 30-40 кой этин бөлүштүрөбүз. Ал эми майрам күндөрү, өзгөчө жаңы жылга жакын 30-31-декабрь күндөрү 70-80 ашык кой союлат.

— Сиздер менен кардарлар кантип байланышса болот?
— Аламүдүн базарында саат жетиден бир-экилерге чейин болобуз. Андан тышкары, 0702180216 телефонуна чалса болот, бул менин өзүмдүн номерим.

Жазгүл Жекшен кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты