Сууктан соттор иштебесе, бир гана Салянованын соту болду

Сууктан соттор иштебесе, бир гана Салянованын соту болдуБүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын сотунда залда суук болуп,  сырт кийимчен, баш кийимчен олтурууга туура келген. Бирок сот андан ары улантыла берген. Шаардык соттун башка дээрлик бардык кызматкерлери сууктан улам иштерин токтотсо да, Салянованын сотун алып барган  Ирина Воронцова гана суукка чыдамдуу экенин көрсөттү.

2016-жылдын 26-декабрында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Салянова юстиция министри болуп турган учурда, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узартып койгон деп айыпталууда. ЖК депутаты Аида Саляновага «кызмат абалынан пайдаланган”  деген айып тагылган.

Ленин райондук соту тарабынан Аида Саляновага үй мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бирок анын жаш баласы болгондуктан, баласынын жашы 14кө толмоюнча жаза аткаруу мөөнөтү жылдырылган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты