Электрондук капчык — керектүү кызмат

Электрондук капчык - керектүү кызмат

КР Улуттук Банкы тарабынан жакында электрондук акчалар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Бул өзгөртүүлөр азыркы күндө КР 100 миңдеген жарандары тандап алган кызматтардын ишин толугу менен токтотууга алып келет.

2018-жылдын 12-январында КР Улуттук банкы тарабынан “Электрондук акчалар жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” КРУБ Башкармалыгынын 2016-жылдын 30-мартындагы  №15/6 Токтомуна абоненттин өздүк эсебинен электрондук капчыктарды толуктоого толугу менен тыюу салуу каралган  толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоору кайрадан коомдук талкууга чыгарылды.

Бул долбоордун маңызы — электрондук капчыктын пайдалануучуларына капчыгын мобилдик телефондун балансынан толуктоого тыюу салуу жана заманбап дүйнө жүзүнүн көптөн бери жүргүзүп келе жаткан мобилдик төлөмдөрдү ишке ашыруу болуп саналат.

Мында мобилдик төлөмдөрдү өнүктүрүүнүн потенциалы укмуш көп. Мобилдик операторлор тарабынан сунушталган инновациялык каржылык кызматтарынан 3 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын 100 миңдеген жарандары пайдаланышты, ал эми буга салыштырмалуу, 4 жылдан бери  рынокто иштеп жаткан  башка компаниялардын электрондук капчыктарынын пайдалануучуларынын саны  300 миң деген белгиден араң ашып олтурат.

Мобилдик төлөмдөр кайсы мамлекеттик маселелерди чечет?

 Санарипке өтүү менен бирге акча каражаттарынын көмүскөдө айлануусу азаят, көптөгөн коррупциялык схемалар артта калат, салык төлөмдөрү арта баштайт.Кыргызстан негизгимамлекеттик «Таза Коом» долбоорунун чегинде таза, санариптик келечекке көздөй бара жатат.

 Маселенин тарыхы:

Кыргызстандын мобилдик операторлору абоненттерине мобилдик телефонунун балансындагы акчалар менен бирге өз акчаларын пайдалануудаэркиндик берүү үчүн 2017-жылдын сентябрь айында  коммерциялык банктар жана төлөмдүк уюмдар менен биргеликте өз абоненттерине электрондук капчыктардын жардамы менен мобилдик коммерция кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн беришти.

Бирок, бүгүн КР Улуттук банкы абоненттерге электрондук капчыктарын уюлдук операторлордун балансындагы акчаларды пайдалануу менен толуктоого тыюу салууга аракет жасоодо.

Ошентип, 2017-жылдын 1-августунда КР Улуттук банкы тарабынан “Электрондук акчалар жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө”КРУБ Башкармалыгынын 2016-жылдын 30-мартындагы  №15/6 Токтомуна абоненттин өздүк эсебинен электрондук капчыктарды толуктоого толугу менен тыюу салуу каралган  толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Бирок,ошондой болсо дагыКР УБ тарабынан мындай тыюу салуу аракети негизсиз демилгеленген. Анткени, кызматтардын иш жүзүнө толук ашырылгандыгы боюнча кандайдыр бир статистикалык маалыматтар, пайдалануучулар тарабынан келген даттануулар, же кандайдырбир иш жүзүндөгү тобокелдиктер жок.

Ошондо бул маселе коомчулукта кеңири резонанс жараткан. КР УБ сунуштаган чаралары жарандардын жеке мүлкүнүн кол тийбестиги боюнча конституциялык укуктарына карама-каршы келип жаткандыгы жана ошону менен катар негизинен өз мүлкүн өзү каалагандай пайдалануу укугун бербегендиги пайдалануучулардын кыжырын кайнаткан.

Коомчулуктун басымынан кийин КР УБ бул мыйзам чыгаруучу демилгенин талкуусун улантты жана бардык тобокелчиликтерди дыкат изилдөө үчүн жумушчу топту түздү. Бирок, жумушчу топтун курамына жогорудагы кызматты ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болгон  төлөмдүк уюмдардын, ошондой эле бул долбоордун чегинде электрондук акчалардын эмиссиясын жүргүзүүчү банктын өкүлдөрү киргизилген жок.Бул топтун ишинин натыйжасы катары тыюу салууну киргизүүгө кошумча аргументтерди иштеп чыгуу жана инновациялык долбоорду жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген шарттарды түзүү болуп калды.

Операторлор эмнеге чакырат?

Бул абалдан конструктивдүү чыгуунун  жолу – тыюу салуу чараларынан баш тартуу, компромисстерди жана тобокелдиктерди азайтуу ыкмаларын издөө, бизнес-коомчулук менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо. Ошондо гана КР Улуттук банкы шарттарды түзүп берген болуп, рыноктогу бардык катышуучулар утушка ээ болот.

Азыр КР Улуттук банкынын долбоору коомдук угууга чыгарылды, коомчулуктун реакциясы гана анын кийинки тагдырын чечери анык. Биз өнүгүүнү каалайбызбы, прогресс менен катарлаш басууну каалайбызбы, каржылык рынокто жаңы жана күчтүү оюнчулар керекпи, биз чечишибиз.

Өз акчаңызды эркин жумшоону каалайсызбы?

Өз акчаңызды кайда жана кантип жумшоону сиз гана чечесиз!

Өз жарандык позицияңызды SMS-добуш берүү менен билдирсеңиз болот.Ошондой эле КР Улуттук банкынын дарегине жазуу түрүндө кайрылуу жолдосо да болот.Мунун баарын 2018-жылдын 12-февралына чейин жасоо керек.

 SMSдобуш берүү

 2040 номерине SMS жөнөтүңүз

(SMS жөнөтүү КР бардык мобилдик операторлорунун номерлеринен акысыз)

«4» — Эгер сиз электрондук капчыкты мобилдик эсеп аркылуу толтурууга жана өз акчаларыңызды өз алдынча жумшоого макул болсоңуз.

«2» — Эгер сиз электрондук капчыкты мобилдик эсеп аркылуу толуктоого тыюу салууга макул болсоңуз.

Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы

Орусияда ар бир 3-жарандын электрондук капчыгы бар. Орусияда, Казакстанда жана Украинада уюлдук байланыштын операторлору Visa жана  MasterCard төлөм карталарын чыгаруу деңгээлине жетишти. Жапонияда “мобилдик капчыгы” бар телефондорду сатуу 2004-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Кытайда товар жүгүртүүнүн 30%ы электрондук акчалар менен жүргүзүлөт, — бул болсо, триллиондор менен эсептелген эбегейсиз чоң сумма. Аз кыймылдуу оюнчуларга ээ төлөмдүк рынокко уюлдук операторлордун келиши, бул жердеги оюнчулардын  кошумча өнүгүүсүнө түрткү берери калетсиз.

Байланыш Операторлорунун Ассоциациясы эмнени сунуштайт?

Операторлор бул  долбоор боюнча Регулятивдик Таасир этүүнүн Анализине №4 компромисстик вариантын сунуштап жатышат:

4-вариантУюлдук операторлордун кызматтарын төлөө боюнча  эсебине түшкөн жана абоненттердин өздүк эсебинде чагылдырылган  аванстарын кайтаруу мүмкүнчүлүгү болгон учурда колдонуучулардын бардык электрондук капчыктары боюнча калдыктардын 100%  депонирленишин камсыздоо боюнча милдет менен бирге бекитүү жолу аркылуу тобокелдерди минимизациялоо:

(1) уюлдук байланыш операторлору тарабынан “уюлдук байланыштын абоненттеринин авансын кайтаруу менен колдонуучулардын электрондук капчыгын толуктоо” операциясын жүргүзгөн бардык абоненттердин бүтүндөй транзакцияларынын күнүмдүк жүгүртүмүнүн минимум 100% өлчөмүндө милдеттүү камсыздоо депозитин (коммерциялык банктардын эсептерине акча каражаттарын) киргизүү, жана

(2) уюлдук байланыш операторлорунун БАРДЫК абоненттеринин (электрондук капчыгына авансты (аванстын бир бөлүгүн) кайтаруу кызматы кошулбаган абоненттерди да кошкондо) коммерциялык банктардын эсептериндеги аванстык акча каражаттарынын күнүмдүк суммасынын 10% калдыгын уюлдук байланыш операторлору тарабынан милдеттүү түрдө депонирлөө.

Сунушталып жаткан жөнгө салуу ыкмасы абоненттин өздүк эсебинде алардын кыймылы тууралуу жазуулар чагылдырыла турган жана аларды байланыш кызматтары жана кошумча кызматтар үчүн сарптай ала турган, же мурун төлөнгөн авансты (толугу менен же бир бөлүгүн) кайтарып берүүнү талап кыла ала турган  аванстык каражаттарды топтоо боюнча потенциалдык тобокелдиктерди азайтууга шарт түзөт.

Жөнгө салуу ыкмасы–уюлдук байланыш операторлорунун бардык абоненттеринин (электрондук капчыгына авансты (аванстын бир бөлүгүн) кайтаруу кызматы кошулбаган абоненттерди да кошкондо) коммерциялык банктардын эсебиндеги аванстык акча каражаттарынын калдыгынын күнүмдүк суммасынын 10% өлчөмүндө милдеттүү камсыздандыруу депозитин киргизүү. Бул болсо, уюлдук байланыш операторлорунун абоненттерине төлөнгөн аванстык каражаттарды кайтарууну камсыздоо үчүн кепилдик боло алат, ал эми уюлдук операторлор тарабынан “уюлдук байланыштын абоненттеринин авансын кайтаруу менен колдонуучунун электрондук капчыгын толуктоо” операциясын жүргүзгөн бардык абоненттердин бүтүндөй транзакцияларынын күнүмдүк жүгүртүмүнүн минимум 100% өлчөмүндө милдеттүү камсыздандыруу депозитин (коммерциялык банктардын эсептерине акча каражаттарын) киргизүү уюлдук байланыш операторлорунун абоненттерге аванстарды кайтаруу транзакцияларын өткөрүү боюнча милдеттерин аткаруусунун кошумча кепилдиги боло алат.

Төлөмдүк тутумдардын операторлору тарабынан бардык электрондук капчыктардагы жалпы калдыктарды 100% депонирлөө боюнча жоопкерчилик менен бирге,  бул кошумча эки кепилдикти пайдалануу кызматтарга төлөнгөн колдонуучулардын акча каражаттарынын кайтарымдуулугунун кепилдигин үч эсе жогорулатмакчы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты