Жалил АКУНОВ,  хирург: «Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат»

Жалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"Ар бир айым үчүн жүзүнүн гана эмес, тулку боюнун да сулуулугу маанилүү. Мисалы, бели жок айымдар белин ичкерткиси келсе, төшү кичинекей айымдар төшүн чоңойткусу келишет. Пластиканын бул түрү — маммопластика деп аталып, Кыргызстанда маммопластика мындан 4-5 жыл мурун гана жасалып башталган. «Пластиканын бул түрүнө жылдан-жылга суроо-талап көп болууда» — дейт пластикалык хирург Жалил Акунов.

— Жалил Иманкулович, төштү чоңойтуу операциясын баары эле билип калды, Кыргызстанда канчалык  суроо-талап кылынат?

— Туура айтасыз, маммопластиканы бардык эле адамдар билишет, жок дегенде ал жөнүндө маалыматтары  бар. Ал эми  аны жасатууга  дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Эң башкы суроо кайсы хирургга жасатсам деген болушу керек. Анткени пациент менен хирургдун эстетикалык көз карашы төп келиши керек. Мындан бир нече жыл мурун төшүнө имплант салдыргандар сейрек кездешсе, күндөн-күнгө алардын саны өсүүдө.

— Операция алдында эң негизги эмнеге көңүл буруу зарыл?

— Эң башкысы бул форманы жана импланттын көлөмүн туура тандоо. Андан тышкары имплантты коюу жери  да башкы маселе деп эсептейм.

— А имплантты кандай жол менен коюу керек?

— Менин оюмча, имплантты колтук жактагы чуңкур аркылуу кесип коюу эстетикалык жана зыян келтирилбей коюлат. Мисалы, эгер үрптүн ареолу аркылуу кое турган болсок анда тоголок формадагы гана имплант коюу керек. Мына ушундай чектөөлөр болот.

— Азыркы учурда импланттын кандай формасын көп тандашат?Жалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"

— Тоголок формага караганда азыркы учурда тамчы сыяктуу формадагы имплантты көп тандашат. Мындай формадагы имплантты кесүү түрүндө коюуда хирургга эч кандай кыйынчылык болбойт, ошондуктан көбү эмчектин алдын кесүү түрү менен коюуну туура көрүшөт. Андан тышкары эмчекти кесип коюуда кан тамырларга да эч кандай доо кетпейт.

— Ошондо төшкө коюлган импланттын зыяны жок деңизчи?

— Туура, сүт бездеринин бирөөнө доо кетиши мүмкүн, бирок анын эч кандай  терс таасири болбойт, анткени бирөө иштебесе башкасы сүт бөлүп чыгара берет.

— Имплантты алып таштоо керек болсо кыйынбы?

— Эгер имплантты алууга туура келсе анда эч кандай деле оорчулук болбойт.

— Төшкө имплантты койгондон кийин кандай терс таасирлер болушу мүмкүн?

— Импланттын сапатына жараша, эгер сапаттуу имплант болсо эч нерсе болбойт, оор көтөрсө же учактан жарылат деген  жөн эле миф, катуу сокку болсо дагы сапаттуу имплант формасын гана өзгөртүшү мүмкүн, бирок ал жарылбайт.

— Операциядан кийин канча убакта пациент калыбына келет?

— Операциядан кийин пациент кадимкидей эле жүрө берсе болот, болгону бир ай физикалык жүк жана оор нерсе көтөрбөшү керек.

— Сизге келген айымдар күйөөсү барларбы же бойдок кыздарбы?

— Билесизби, бойдок кыздар тулку боюна караганда жүзүнүн сулуулугуна көп басым жасашат. Мисалы, көзгө сурма чыгарууга бойдок кыздар көп кайрылса, маммопластиканы каалагандар көбүн эсе турмуштагы айымдар. Анткени төрөп, бала эмизгенден кийин эмчек формасын жоготуп, ылдый түшүп же экөө эки башка формада болуп  калышы мүмкүн, ошондон кийин төшүнүн формасын өзгөртүп же чоңойтууну каалашат. Дагы бир айта кетчү нерсе, айымдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер да түрткү болушат. Баарыбыз  билгендей эле  төшү чоң айымдарды эркектер эмнегедир идеалдуу формада, сексуалдуу деп эсептешет, а аялдар эркектердин каалоосун аткарууга аракет кылышат.

Төшүн чоңойткон жылдыздар

Бул операциянын түрүнө бизде эми гана суроо-талап болуп атса, башка чет жакта кадыресе көрүнүшкө айланган. Канчалаган орусиялык атактуу жылдыздар операция аркылуу төшүнүн идеалдуу, чоң, көрктүү болушун каалап, өз максаттарына жетишкен. Алдыда атактуу орус ырчыларынын кимдери бул ыкма менен көркүнө көрк кошконун тизмектеп өтөлү.

Жалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"Анна Хилькевич

Актриса Анна Хилькевич атактуу ”Универ”, “Барвиха” сериалынын каарманы. Анна Хилькевич операция жасатканга чейин төшү жабык кийимдерди гана кийчү. Ал биринчи размерден үчүнчү размерге чейин чоңойткондон кийин ачык кийинип, эффективдүү көрүнүп калганын күйөрмандары жазып чыгышты.  Актрисанын жаратылыштан төшү кичинекей, арык кыз болгондуктан, хирургдар боюна чакан, орточо келген жарашыктуу, барпайган төштү тартуулашты.

Ляйсан УтяшеваЖалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"

Спортсмен кыз Ляйсан Утяшеваны хирургиялык жол-жобо кызыктырат деп деле эч ким ойлобосо керек, бирок хирургдардын айтымында, ал өзүнүн төшүнө операция жасаткан. Мурунку жана кийинки сүрөттөрүн салыштырып карасак, акыркы сүрөттөрүндө спортсмен кыздын төшү барпайып, чоңураак көрүнөт деп аныкташкан.

Жалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"Вера Брежнева

Вера Брежневанын келбетин, тулку боюн күйөрмандары идеалдуу деп эсептешчү, бирок кийинки убакта ырчы төшүнө операция жасатканын байкашкан. Ал эми ырчы өзү муну жокко чыгарып, жаратылыштан берген сулуулугум деп айтып келет. Бирок ырчыга “Төшүн чоңойткон кыздарга болгон көз карашыөыз кандай?” деген суроо берилгенде, “Эгер ар бир кыз өзүнүн сулуулугуна кам көрүп, жасанып, өзгөрүлүп тургусу келсе, анда бул жетишкендик” деп жооп берген.

Юлия МихалковаЖалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"

Орусиялык алып баруучу жана актриса Юлия Михалкова башка ырчылардан айырмаланып, операция жолу менен төшүн  чоңойтконун жашырбайт. Жана өзү жөнүндө тамашаларды жакшы кабыл алат. Ачык сүрөткө көп тартылат.

Жалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"Анна Седакова

Ырчы Анна Седакова «Виагра» тобунда ырдап жүргөн убагында эле пластикалык хирургдун жардамы менен төшүнө операция жасаткан. Ырчынын айтымында, пластикалык операция жаратылыштан берген көрккө басым жасап, ажарлуу, сүйкүмдүү көрүнгөнгө жардам берет. Ырчы бул чечимине эч качан өкүнбөйт.

Джениффер Лопес

Жалил АКУНОВ,  хирург: "Аялдардын төшүн чоңойтуусуна эркектер түрткү болушат"

Ал эми чет өлкөлүк атактуу ырчы Джениффер Лопес пластикалык хирургга төшүнүн чоң болуусун гана каалабастан, ага ийкемдүүлүктү бериш үчүн кылдырганын жашырбайт.  Баласы төрөлгөндөн кийин төшү келбетин жоготконун байкаган актриса төртүнчү размерге чейин өзгөрткөнгө макул болгон.

Пластикалык хирургиянын ийгиликтүү болушун хирургдун тажрыйбасынан гана эмес, аялзатынын дене боюнун түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүнөн да көз каранды. Андыктан ар бир адам чечим чыгарганда бардык оң жана терс жактарын карап туруп кабыл алышы керек.

Айсара Турусбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты