Премьер-министр Сапар Исаков бишкектиктерден кечирим сурады 

Премьер-министр Сапар Исаков бишкектиктерден кечирим сурады ТЭЦте кырсык болуп, бишкектиктердүн үйү жетишээрлик жылыбай жатканына байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков элден кечирим сурап, бүгүн, 29-январда кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.   

 “Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундарынын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам.

Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланышат.

Бүгүнкү күндө шаар тургундары үйлөрүн жылытууда электр энергиясын өтө көп керектеп жатышат. Ошонун натыйжасында Бишкек жылуулук тармагына күч келип, анын иши үзгүлтүккө учурады.

Тагыраак айтканда, Бишкек жылуулук борборундагы эски буу казандары иштен чыкты. Мунун себептерин иликтөө иштери укук коргоо органдарына тапшырылды.

Бишкек жылуулук борбору өз убагында модернизациялагандыгы үчүн бүгүнкү күндө тез аранын ичинде учурдагы абалды жөнгө салууга жетиштик. Эгерде Бишкек жылуулук борборунда реконструкцияларды жүргүзбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмак. Анын кесепетинен шаардын инфраструктурасы жабыркап, масштабдуу зыяндарга учурамакпыз. Албетте, өлкөбүздүн экономикасына да чоң күч келмек.

Чындыгында түзүлгөн кырдаал бул тармактагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Жалпы энергетикалык сектор реформага, кошумча инвестицияларды тартууга, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жогорулатууга муктаждыктын бар экендигин дагы бир ирет көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул ишке – артыкчылык катары катуу көңүл бурат. Биз бул секторду реформалоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Учурда бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштей баштады. Шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун тез арада калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат. Сабырдуулугуңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем”,-деп айтылат кайрылууда.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты