ТЭЦ: Бишкекте жылуулук качан калыбына келээри белгисиз

ТЭЦ: Бишкекте жылуулук качан калыбына келээри белгисиз

Бишкек ТЭЦиндеги кырсыктан  бери 3 күн өттү. Бирок дагы эле үйлөрдөгү жылуулук баштагы калыбына келе элек. Анын  себебин атайын комиссия иликтеп жатат.  Ал ортодо ТЭЦти модернизациялоого кеткен 386 млн доллардын кайда жумшалгандыгынын айланасындагы сөздөр арбыды.   Улуттук коопсуздук кызматы, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга  каршы күрөшүү кызматы авариянын себептерин иликтөөгө киришти. 

Аткарылбаган убада

26-январда кечке жуук ТЭЦтен жылытылган Бишкектеги үйлөрдө жылуулук төмөндөгөндө “Электр станциялар” ачык акционерлер коомунан ТЭЦтеги жылуулук кубаттуулугу 340 МВт 154 МВт ка түшүп кеткенин билдиришкен.

27-январда премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтеги абал боюнча шашылыш кеңешме өткөргөн. Шаардын мэри Албек Ибраимов 27синде кечки саат 22.00до үйлөргө жылуулук толук  берилет десе, ал убада аткарылган жок. Андан бери эки күн өтсө дагы, жылуулук качан калыбына келээри белгисиз бойдон. Бүгүн, 29-январда өткөн  пресс-конференцияда  “Улуттук электрохолдинг” ишканасынын башчысынын орун басары Нурлан Садыков да жылуулук качан калыбына келээри тууралуу так маалымат бере албады.

Суу жоголду, ким көрдү?

Жылуулук жетишерлик берилбей калганда ТЭЦте авария болгону кабарланса, ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулу авария болбогонун, ТЭЦтин химиялык цехинде жетишээрлик көлөмдө суу келбей калганынан улам оор жагдай келип чыкканын айтты. Бүгүнкү пресс-конференцияда кийинки маалымат бекемделди. Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрага орун басары Нурлан Садыков насоско суу аз келип калганын, бирок атайын комиссия кырсыктын себебин так аныктай турганын белгиледи.

Жаңы блокту неге ишке киргизген эмес? 

Насоско суу келбей, жылуулук төмөндөп жатканда   жаңы блокту  иштетүүгө болот  беле? Бүгүнкү пресс-конференцияда ТЭЦтин башкы инженери “Электр станциялар” ачык акционердик коомунан  команда берилбегени айтылса,  “Электр станциялар” жетекчиси Медетбек Айткулов ал маалыматты төгүндөп, ТЭЦтегилер өздөрү чечим чыгара алышмак деп, айтор, энергетиктер жооп айтууну бири-бирине шылтап турушту. Акыры ТЭЦтин башкы инженери чечимди өзү жаңы блокту ишке киргизүү пайдасына эмес, башкача чыгарганын билдирди.

ТЭЦтеги жагдай карапайым калк ойлогондон алда канча татаал экени, бул кырсыктын себеби, суроосу көп экени, улуттун коопсуздугу туурасындагы маселе да келип чыкканы байкалып турат.

 Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты