Жылуулук борборундагы техникалык кырсыктын кесепети жоюла элек


Жылуулук борборундагы техникалык кырсыктын кесепети жоюла элек

Бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборунун адистеринин №24 от казанды иштетүү аракеттери ийгиликсиз аяктады. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева “Азаттык” үналгысына билдиргендей, от казанды ишке киргизүү учурунда түтүктөрдөн жарака кетип, суу ага баштаган:

— Учурда түтүктөгү жаракаларды оңдоо аракеттери көрүлө баштады. Бул кырдаал аба ырайынын кескин төмөндөшүнөн улам болуп жатат. Жылуулук борборунун адистери башка №23 агрегатты ишке киргизүүгө аракет кылууда.

Тагжана Айдаралиева учурда ЖЭБден 50-60 градустун тегерегинде жылуулук бөлүнүп, кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү иштеп жатышканын кошумчалады.

Энергохолдинг жана ЖЭБдин жетекчилиги түштөн кийин маалымат жыйынын куруп, кырдаал боюнча кенен маалымат берилерин айтышты.

26-январдын кечинде Бишкек Жылуулук электр борборунда техникалык авария болуп, шаарда жылуулукка чектөө киргизилген. Энергохолдинг авария 28-январга караган түнү оңдолду деген маалымат берген. Бирок техникалык кырсыктын кесепети толук жоюла элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты