Бишкекте автобустардын теңи иштебей калды

Бишкекте автобустардын теңи иштебей калды

Бишкек шаарында коомдук транспорт тармагында техникалык көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук транспортторго колдонулган күйүүчү май тоӊуп, унаалар каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар кездешип жатат.

Ошондой эле акыркы эки күндүн ичинде эртең менен от албай, каттамга чыккан коомдук транспорттун саны кескин кыскарган. Ошол себептүү Бишкек мэриясы шаардыктарды жолго чыккан убакытты алдын ала пландап же муктаждык болбосо көчөгө чыкпоого үндөдү.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык транспорт башкармалыгы жана жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке менчик ишканалар менен күн суук учурунда шаардыктарды ташууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн чараларды көрүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты