«Шайлоочулар көтөрүлүшүндө» кармалган демонстранттардын саны 250дөн ашты


"Шайлоочулар көтөрүлүшүндө" кармалган демонстранттардын саны 250дөн ашты

Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө кеминде 257 адам кармалды. Бул тууралуу жекшембидеги бүткүл орусиялык каршылык акциясына байкоо салган «ОВД-Инфо» медиа-долбоору кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, Чебоксары шаарында 50, Уфада 45, Кемероводо 31, Москвада 16 киши кармалган. Мындан тышкары кармоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган.

Навальный камалууга чейин. Москва, 28-январь
Навальный камалууга чейин. Москва, 28-январь

Орусиянын баш калаасында полиция кармап кеткен демонстранттардын арасында Алексей Навальный да бар.

«Мен кармалдым. Бул маанилүү эмес. Тверская көчөсүнө келгиле. Силер мен үчүн эмес, өзүңөр жана өзүңөрдүн келечегиңер үчүн чыгып жатасыңар», — деп жазды Навальный Твиттердеги барагына.

"Шайлоочулар көтөрүлүшүндө" кармалган демонстранттардын саны 250дөн ашты
​Томскта активист Сергей Чайковскийге 150 миң рубль айыппул салынды. Ал митинг өткөрүү тартибин кайталап бузууга айыпталды. Челябинскте каршылык акцияларынын катышууларынын бири – Денис Ибрагимовду «ээнбаштык» беренеси менен 10 суткага камашты.
Жекшембиде нааразылык акциясына чыккандар «Шайлоону бойкоттогула», «Путинсиз Орусия» деп кыйкырып жатышты. 26-январда Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоо алдындагы митингдерде мыйзам бузгандарга катаал чара көрүлөт деп эскерткен.
Декабрь айында Орусиянын Боршайкому Алексей Навальныйдын соттуулугун жүйө кармап, ага 18-мартта өтүүчү президенттик шайлоого катышууга уруксат берген эмес.
"Шайлоочуулар көтөрүлүшү" акциясынын катышуучулары; Москва, 28-январь

«Шайлоочуулар көтөрүлүшү» акциясынын катышуучулары; Москва, 28-январь

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты