5 турак үйдүн короосун суу каптады

5 турак үйдүн короосун суу каптады

Бүгүн, 27-январда эртең менен Ала-Арча дарыясындагы (Рыскулов жана Заводской Поселок көчөлөрү) муздун кесепетинен 5 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жерде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, шаарды коргоо кызматынын куткаруучулар бригадасы, №4 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 14 куткаруучусу, «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, муниципалдык башкаруунун өкүлдөрү, Биринчи май райондук жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат. Ошондой эле, «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа, экскаватор жана көтөргүч унаа тартылды.

Куткаруучулар атайын каражаттын жардамы менен турак үйлөрдүн короосунан сууну сордуруп алышты. Мындан тышкары, суунун жээгин бекемдөө үчүн 500 кап кум төгүлдү. Саат 09:18де суу каптоо коркунучу жоюлуп, аталган тилке көзөмөлдөнүп жатат. Суунун жээгин бекемдөө иштери улантылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты