Бишкек: ТЭЦте авария!

Бишкек: ТЭЦте авария!

Бүгүн, 27-январда, Бишкекте күн суук, -20 градус. Кечээ кечке маалдан бери борбордук жылытуудагы үйлөрдөгү жылуулуктун кубаты азайып, батирлер суук болууда. Кыштын мындай суугунда ТЭЦте авария болгондугун “Электр түйүндөр” ААКнын басма сөз кызматкери Тагжан Айдаралиева билдирди. Анын айтуусу боюнча кечээ, 26-январда, саат 18. 00дө Бишкек  ТЭЦинин жылуулук кубаты 340 МВт дан 154 МВтга азайган,  анын себеби эски агрегат иштен чыгып, авариялык абал түзүлгөн. Жылуулук түйүнүндөгү суу +84 градустан +62 градуска төмөндөгөндүгүн билдирген.

Республика боюнча мектептерде окуу токтотулган. Ал эми ооруканаларда сыркоолуулар үшүп жатканын социалдык желелерде билдиришүүдө. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн, республикалык оорукананын сыркоолор абалын билип, ТЭЦтин жылуулук кубаты кубаты көбөйгүчө жылуу төшөнчүлөрдү таратып берүүнү оорукана жетекчилеринен суранды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты