ӨКМ: Шашылыш билдирүү!

ӨКМ: Шашылыш билдирүү!Кыргызстанда 27-31-январда күтүлгөн аба ырайы

Шашылыш билдирүү!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы шашылыш билдирүү таратууда.

27-29-январда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -13…-18° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -23…-28°, күндүз -13…-18° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -34…-39°, күндүз -24…-29° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45°, күндүз -28…-33° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Абанын температурасынын абдан төмөндөшү жана кардын аз болушу күздүк себилген кылкандуу дан эгиндерине коркунучтуу, ошондой эле жемиш бактардын жана жер жемиштердин тоңушуна алып келиши мүмкүн.

2018-жылдын 26-январынан 28-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Тамчы участагындагы 74-76-78-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 27-31-январда күтүлгөн аба ырайы

27-январда Ош, Ысык-Көл,  Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

28-январда жана 29-январда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл,  Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, 28-январда Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

30-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 31-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с

1-2-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн болжолдуу  аба ырайы

1-2 февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

27-29-январда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 2-7 метрге жетет.

27-29-январда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты