27 жаштагы аял кайын атасын өлтүрүүгө шектелүүдө

  • 1 неделя мурун

Ош облусунда кайын атасын өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media Ош облусттук ички иштер башкармалыгына шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 1-сентябрда милиция бөлүмүнө шектелип жаткан аял кайрылып, 1-сентябрга караган түнү аны менен 1960-жылы туулган кайнатасынын ортосунда уруш чыгып, уруш учурунда ал кайнатасын учтуу нерсе менен урганын айтып берген. Алган жарааттарынын айынан киши өлүп калган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин «Киши өлтүрүү» негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле «текшерүүнүн жүрүшүндө жаңы жагдайлар аныкталып, 1997-жылы туулган Н.А. экинчи шектүү кармалганы» айтылат маалыматта. Бирок кандай жагдайлар экендиги тууралуу жана экинчи шектүүнүн аталган кылмышка кандай тиешеси бар экендиги ачыкталган эмес.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты