27 миңден ашуун аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алды
- 6 месяцев мурун
2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча 27,7 миң аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алган. Бул максатта республикалык бюджеттен жалпы 634,4 млн сом каржыланган. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Орточо жөлөкпулдун өлчөмү 22,9 миң сомду түзгөн. Белгиленгендей, бардык төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат жана жөлөкпул алууга укуктуу болгон аялдардын бардыгына толук көлөмдө жана өз убагында берилет.
Муну бөлүшүү




