Таштагы ырлар…

Аталар

Таштагы ырлар...

Кадырбек Эдигеев ортодо

2006-жыл бекен… “Агымдын” кийинки санына мурдагы КТР башчысы, маркум Аманбек Карыпкуловду чыгармак болдум. “Үйүмө келесиңби!” деген эле. Конок тосчу чоң бөлмөдө, чоң столдун четинде макала оңдоп олтурдук. Чоң кызы (атын унутуп атам) улам үстүбүзгө кирип: “Чай алып келейинби, ата, сизге бирдеме керекпи? Иним, келегой чайдан ич” деп өзгөчө атасына көңүл буруп жатты. Бир кезде атасы сыртка чыгып кеткенде “атам жүрөгүм деп жүрбөйбү…” деди кабатырланып. Аны угуп мен да болушунча айтканындай жасап бергенге аракет кылып аттым. Ал учурда Аманбек агай Аксы окуясы ж.б. ири окуялар боюнча күнөөлөнүп жаткан мезгил эле. Эки саат олтурдук. Өзүм да кеч барып, түн кирип кетти. “Иним, калпыс кылып албайын, эми бир карап чыгалы…” дейт. “Макул, макул” дейм. Үч саат болду. Колуктум чалат, сары санаа болуп “Эмне болдуң?” деп. Акыры көлөмдүү маекти бүткөрдүк. Эки күндөн кийин гезит жарык көрдү. Эртең мененки летучканын алдында жаңы санды, ж.б. гезиттерди бир сыйра карап отурмайыбыз бар эле. Бир маалда өгүнкү маекти көрүп эле көзүм алайды: мен койгон рубрика алынып, ордуна “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп жүрөт!.. Көргөн көзүмө ишенбейм. Ошол замат пальтосун жамынып алып кайра-кайра окуп, оңдоп отурган Аманбек аганы, чыйпылыктап кирип-чыгып аткан кызын эстедим. “Бул эмне кылганың, Эрнис!” дедим ичимен. Летучка бүткөнчө эптеп чыдап олтурдум. Анткени жумуш маалында Эрнис – редактор, башка маалда бизге дос да. Летучка бүттү. “Эрнис, сөз бар” десем, “Билем, билем, жүрү, шашпай түшүндүрүп берем” деди. Аңгыча телефонум чырылдады. Билгенимдей эле Аманбек аганын кызы экен. Мына сага! Бир ыйлап, бир басылып, бир урушуп, бир таарынып айтып кирди. “Эже, кое турсаңыз, түшүндүрөйүн. Мен эмес, бу редактор…” дегенимче “Мага эми шылтооңуздун бир тыйын кереги жок. Мени угуп туруңуз! Атам ооруп атат десем болбой ушуну кылдыңар. Силер журналисттер алсыңар-булсуңар…” деп көп нерсе айтты да трубканы шарт коюп салды. Үндөй алганым жок. Чыны менен катуу уят болдум! Көңүлсүз басып Эрниске бардым. Анан ал мага эмне үчүн мындай кылганын айтып берди. Көрсө, Эрнистин атасы Асек 1972-жылы, академик Арстанбек Алтымышевдин чакыруусу менен Фрунзеге “Пограничтен” көчүп келген экен. Келип, Кыргыз энциклопедиясында биология жана медицина бөлүмүндө иштейт. Иштеп жүрүп Салижан Жигитов менен жакын дос болот. Экөөнүн мүнөзүндө окшоштуктар болгон экен. Эрнистин атасы да чындыкты жаап-жашыра албаган, таамай айтып, так сүйлөгөн, чылгый коммунист болуп, партчогулуштардан калбаган адам болуптур. Кийин, Сокулукта, Фрунзенин 7-поликлиникасында иштейт. Эрнистин атасы дары чөптөр боюнча китеп жазып, космосто пайдаланчу паста түрүндөгү тамакты ойлоп тапканга үлүшүн кошуп, анан да бальзам ойлоп тапкан экен. Эрнистин айтуусу боюнча, ал бальзамдын авторлугу боюнча академик Алтымышев экөөнүн ортосунда да талаш-тартыш болгон. Ошол мезгилдерде Кыргыз Энциклопедиясынын редактору, ЦКнын идеология боюнча катчысы болуп келген Аманбек Карыпкулов менен да Асаналы Эшимканов бир маселелер боюнча тил табыша албай калып ошондон баштап ага куугунтук башталат. Бир күнү ЦКнын идеология боюнча катчысы башкарган партчогулушта Асаналы Эшимкановго карата жаман сөздөр айтылып, жарга такашып, партиядан чыгарабыз дегенге чейин жетет. Ошончо басымга чыдабай чогулуштун аягында Асаналы Эшимкановдун мээсине кан куюлуп жыгылат дагы, 43 жаш курагында каза болот. “Бул киши ошентип атамдын өлүмүнө түздөн-түз себепчи болгон. Мен аны унутканым жок. Мен анын маегин атайын ушинтип оңдоп чыгардым” деди Эрнис. Мен угуп, нес болдум. “Ошондой болгон бекен аа!” деп советтик тымызын былыктардын боло келгенин элестеттим. Биз бир топ үндөбөй отурдук. Ал окуяга үн ката алган жокмун. Кантип, эмне деп үн ката алмакмын. Азыр да АТА жөнүндө жазып жатып, АТАЛАР деп жазып жатып ак-кара деп сүрөттөй албайм. Аны айтчу мен эмес. Болгону, маңдайымдагы досумдун болгону 43 жаш жашаган атасынын бул окуясын биринчи ирет угуп отурганыма, ал аны көз айнегинин артындагы туталанган көздөрү менен мени теше тиктеп алып: “Ошентишкен! Ошентип өлтүрүшкөн!” дегенине өзүмдөн улам түтпөй, ынактык сезимим менен ийнинен кармагым келген…

Мамбетайып агай

Рогатка атып жүргөн бала кезим. Бейбаштык жасоо идеясы кантип жаралчу десең, бир күнү иним

Таштагы ырлар...

Карабай Жыргалбеков жубайы Токон менен.

Марат экөөбүз кошунабыз, дубалы эле тургузулган Турдусун байкенин үйүнө жашынып алып мектептин директорунун үйүнүн чатырын аткылап кирдик. Андан кийинки үй -директордуку эле. Мамбетайып агай. Мектепте тартипти темирдей кармаган, карааны көрүнгөндө окуучулар жантыгынан жатып, далбастап калган, орус тили жана адабияты сабагынан берген кадырлуу мугалимибиз эле. Ал бизге ошентип кошуна да болчу. А экөөбүздүн дал ошондой директорубуздун үйүн рогатка менен аткылап атканыбызды кара..! Эмгиче түшүнө албайм да, эмнеге анттик, же бизди ким көрмөк эле дечүбүз го. Же аны болгону эрдик көрчүбүз… Ошентип экөөбүз “эрдик” кылган күнү кечинде үйгө Калбү эже келди. Директор Мамбетайып агайдын аялы. Апам экөө шашпай, көпкө чай ичип отурса “ии-и, баары жайында экен” дегенбиз. Көрсө, андай эмес экен. Калбү эже көпкө олтуруп кеткенден кийин апам бизди маңдайына олтургузду. “Экөөң бүгүн эмне бейбаштык кылганыңарды уктум. Бирок агайыңар силерди бир да урушпасын деп сураныптыр. Айтыптыр: Экөө тең мектепте жакшы окушат. Экөөнүн атасы Кадырбек акени өтө катуу сыйлап, урматтайм. Мен ошол үчүн экөөнүн директору болсом да унчукпайм. Болгону акырын барып айт, Сакен эже урушпай түшүндүрсүн” деген экен. Аны угуп, аягы өтө күтүүсүз бүткөн кинону көрүп болгондой жалдырап эле апамдын оозун карап олтуруп калыппыз… Ошондон баштап Мамбетайып агай мага мурдагыдан да эки эсе сүрдүү, мурдагыдан эки эсе кол жеткис бийик агайга айланган. Ал кишинин анык педагогдук ыкма, тажрыйбасын ошол окуямдан улам да абдан баалап калгамын. Эгерде эле ошондо өзү келип же мектептен линейкага салып мени тилдегенде, мен, балким, бул окуяны унутпаган күндө да, мынчалык таасирдүү эстеп калбас элем. Бүгүн болсо өзү да, Калбү эже да жок… Бир үйдөн кийинки кошуна болуп, мен барган сайын аппак баягы чатыры көрүнүп, алардын үйү гана турат…

Чокморовдун издери

Карабай Жыргалбеков, Партиянын Жумгал райкомунун 1-секретары, менин жакын аяш атам, улуу адам Сүймөнкул Чокморов менен да теңтуштук мамилеси болгон экен. Атам каза болгондон кийин аяш атам күмбөздү тургузуу ишин мойнуна алат дагы, сүрөттү ташка чегерип тартып берүүсүн өтүнүп Сүймөнкул агабызга айтат. Ал киши “мага сүрөтүн алып келгиле” дейт. Сүрөттү агам Насыпбек Фрунзеге алып барат. “Чокморовдун өнөрканасы  “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайында экен” дейт Насыпбек байкем. “Мени ал киши аябай жакшы кабыл алды. Анан: — Мен сүрөт гана тартам, ташка чегерген ишти мыкты художник-монументалист Сабитжан Бакашевге тапшырам, өзүм көз болуп турам, — деди. Башында эстелик-сүрөттү (барельеф) кадимки эле пластиллинден жасашат экен. Улам менден “Окшоштубу?” деп сурап коюшат. – Жок, негедир окшошпой атат… дейм. Ошентип атып акыры бүтүштү дагы ташка айлантып, чеканкалашты”.  Андан соң Карабай аяш атам Токон аяш энемдин жардамы менен жазылган төрт куплет ырды да ташка чегерип берүүсүн Сүймєнкул агадан суранат. Сүймөнкул ага аны Насыпбек байкеме: “Түндө Жумгалдан Карабай чалат. Чалып, — мен диктовать этем сен жазып тур дейт. Алыстан жакшы да угулбайт. Карабайдын үнү да тимеле жоон. Анан да грамматикалык жактан кандай элең, туура жазып атасыңбы деп коет” деп, Сүймөнкул ага баладай болуп жыргап күлгөн экен. “Ошентип Кадырбек акемдин сүрөтүнүн арты менен атактуу Сүймөнкул Чокморов менен бир жумадай бирге жүрүп калган элем…” дейт Насыпбек байкем. Жакшы адамдардын колунан чыккан жана жакшы адамдардын колунан жаралган, таш бетине чегилген ошол төрт куплет ырды келтирем:

Ардактап ырдачу элең айылыңды,
Азбы, көппү кошуп кеттиң салымыңды
Эмгегиңди эл унутпайт, из калтырдың
Максаттын бийигине жетпей калдың.
Кейишке салып койдуң кыйла дайым
Балдарың, туугандарың, алган жарың.
Акыйкатсыз… алып кетти арабыздан,
Болбосун бул ааламда колу шум наадан!
Артыңдан узай берди алтын энең,
Чынарынын күйүтүнө чыдабастан.
Кадырбектен айрылдык! Суук кабар!
Ким унутат, ким унутат мындайды!?
Баарыбызды терең  басты  муң кайгы.
Өкүнүчтө жүрөктө – чок, өзүң жогуң
Бош калбайт эл ичинде сенин ордуң.
Кош Какен! Түбөлүккө ажырадык
Эскерип башын иет жолдошторуң.
Келбеген эч бирөөнүн санаасына
Кейиштүү ок жаңылды канатыңа
Айла жок, жер чыдады эл чыдады
“Бири кем дүйнө” деген ушул тура.

Балалыкта, эр жеткенде, минтип 40тан ашып каттадым ошол ыр чегилген короого… Жазда, жай, күз, кышта бардым. Тарбия, таалимди ааламдан, анан да ошол ыр чегилген короодон алдым. Ошол ташка баткан элестен…

Жеңишбек Эдигеев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты