Жылуулук берилүүчү түтүктөр, чатырлар текшерүүгө алынууда

Жылуулук берилүүчү түтүктөр, чатырлар текшерүүгө алынуудаБишкек шаарында 2018-жылдын 1-январынан тарта 24-январга чейин сууктун кесепетинен 15 адам көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Алардын денесинде күч колдонулган белгилер табылган эмес. Маалыматта белгиленгендей, алардын көпчүлүгү туруктуу жашаган жери жок адамдар.

«Көчөдө күн кечирген, туруктуу жашаган жери жок адамдарга күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жылуулук берилүүчү түтүктөр, чатырлар текшерүүгө алынып, ал жактан табылган адамдар «Коломто» социалдык мекемесине жана башка жайларга жайгаштырылат. Мурунку жумада 239 селсаяк кармалган», — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты