Путиндин кызы Катерина миллиардер Кирилл Шамалов менен ажырашты
- 7 лет мурун
- Блог
Путиндин кызы Катерина Тихонова миллиардер Кирилл Шамалов менен ажырашканын россиялык Bloomberg агенттиги кечээ, 25-январда жазды.
Россиялык массалык маалымат каражаттары Катерина менен Кириллдин үйлөнүү тою 2013-жылдын февраль айында Санкт-Петербургдан бир сааттык жолдо, Игордогу тоо-лыжа курортунда өткөндүгүн жазышкан. Жаш жубайлар үйлөнүү үлпөтү өтчү жерге орустун жомокторундагыдай болуп, ат чегилген чана менен келишкени айтылган. Бирок экөөнүн үйлөнгөнү тууралуу расмий эч кандай маалымат тастыкталган эмес.
Кирилл Шамалов — «Россия» банкына ээлик кылгандардын бири, Путиндин досу деп айтылган Николай Шамаловдун кенже уулу. 1982-жылы туулган. 26 жашында нефтехимиялык “Сибур” холдингинин вице-президенти болгон. Forbes журналынын рейтинги боюнча 2016-жылдын март айында Кирилл Шамалов россиялык бай бизнесмендердин катарында, алардын кенжеси болуп турган.
Беш жыл өткөндөн кийин жубайлардын ажырашуусуна эмне себеп болду? Bloomberg агенттигине маалымат бергендер Шамаловдун «Сибур» нефтехимиялык компаниясындагы өз үлүшүн киреше албаганынан сатканы менен байланыштуу деп айтышса, башкалары компаниянын иши менен ажырашуунун байланышы жоктугун билдиришкен.