Сүйүнчү! Ишкердин реанимобиль белеги

Сүйүнчү! Ишкердин реанимобиль белегиЫсык-Көл облустук ооруканасына жеке ишкер жана меценат Мирлан Исагалиев “Тез жардам” Mercedes-Benz реанимобилин белек кылды.

Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жеке ишкер жана меценат Мирлан Исагалиев Ысык-Көл облустук ооруканасына Mercedes-Benz үлгүсүндөгү реанимобиль тартуулады. Облуста 87 “Тез жардам машинасы” болсо, алардын 19 у бузук.

Губернатор Узарбек Жылкыбаев мындай деп айтты:

—Мындай реанимобилди жеке ишкер жана меценат Мирлан Исагалиев Талас жана Нарын облустук ооруканаларына да тартуу кылган. Ал эми бул ишкердин Балыкчы шаарына гемодиализ аппаратын да белекке бергени эсибизде. Биз меценат ишкерге ыраазылыгыбызды билдиребиз”  деди Жылкыбаев.

Меценат бул “Тез жардам” машинасынын баасын жашырып, ачыкка чыгарбаганы менен, билгендер мындай машиналар 2 -3 млн сомдон кем эмес дешет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты