Темир Жумакадыров жана анын жардамчылары каза болгон жол кырсыгы боюнча сот жүрүүдө

Темир Жумакадыров жана анын жардамчылары каза болгон жол кырсыгы боюнча сот жүрүүдөЭкс-вице-премьер Темир Жумакадыров жана анын жардамчылары каза болгон жол кырсыгы боюнча сот жүрүүдө.

Үч адам: мурдагы вице-премьер Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочу Нурбек Муканов каза болгон жол-кырсыгына күнөөлүү деп эсептелген Таалайбек уулу Афтандил Москва райондук соттун жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

2017-жылдын 7-октябрында болжол менен эртең мененки 7.30 чамасында Москва районундагы Садовое айылында вице-премьердин Land Cruser машинасы буудай тартып бараткан жүк ташуучу машина менен кагылышкан. Жүк ташуучу машина жеңил машинаны  жолдон 20-30 м. сүйрөп барган, дарак тамыры менен жулунуп, электр мамысы үзүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты