Давосто Сапар Исаков авиацияны “кара тизмеден” чыгаруу маселесин талкуулады

Давосто Сапар Исаков авиацияны “кара тизмеден” чыгаруу маселесин талкууладыПремьер-министр Сапар Исаков Давос шаарында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) баш катчысы Фан Лю менен авиацияны реформалоо маселесин талкуулды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Сапар Исаков кечээ, 24-январда Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу учурунда Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) баш катчысы Фан Лю менен жолугушту. Премьер-министр Өкмөт тарабынан жарандык авиация жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.
«Биз эл аралык авиакомпаниялар үчүн рынокту ачууга мүмкүндүк берген «асманыбызды ачууга» багытталган реформаларга умтулуудабыз” деди Сапар Исаков.
Өз кезегинде Фан Лю авиацияны реформалоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
«ИКАО долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр. Мындан тышкары, биз эксперттик колдоо көрсөтүүгө, тактап айтканда, сиздердин авиациялык рынокту ачуу боюнча биргелешкен ишти баштоого даярбыз. Ошондой эле жергиликтүү кызматкерлердин адистигин жогорулатууда иш алып барууга даярбыз” деди ИКАО баш катчысы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты