Өзгөчө кырдаал: Абанын температурасы кескин төмөндөйт!

Өзгөчө кырдаал: Абанын температурасы кескин төмөндөйт!КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидреметеорология агенттигинин божомолдоосуна ылайык, 2018-жылдын 26-январынан 30-январына чейин абанын температурасы кескин төмөндөп, катуу үшүк, кар көчкү ж.б. кубулуштардын жандануусу күтүлүүдө.

Ага ылайык, ӨКМ 24-январдан тарта   күч каражаттарын даярдыкка келтирип, күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Шашылыш билдирүү: суук болушу күтүлөт!
26-январда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн   -20…-25°, күндүз -12…-17° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн   -15…-20°, күндүз -2…-7° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -21…-26°, күндүз -11…-16° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -22…-27° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн  -35…-40°, күндүз -25…-30° суук болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
27-29-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -23…-28°, күндүз -13…-18° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -34…-39°, күндүз -24…-29° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45°, күндүз -28…-33° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Сунуш кылабыз:

—Катуу суукта, эгер зарыл болбосо, үйдө отуруңуздар. Айрыкча кары-картаңдар менен жаш балдар. Катуу суукта гипотермия болуп кетиши мүмкүн, бул дененин ички температурасынын төмөндөп кетиши.
—Эшикте болсоңуздар—бир орунга кечке тура бербеңиздер, дүкөнгө, коомдук жайларга кирип туруңуздар.
—Жылуу кийим, айрыкча табигый материалдан жасалган кийим кийиңиздер. Баш кийимди да унутпаңыздар. Ичинен кыскан кийим кийбеңиздер, анткени кан жакшы айланбай калышы мүмкүн.

Эгер үшүк алып кетсе:

—Үшүк алган жерди тез жылытпаңыздар, ысык душка түшпөңүздөр, акырындап жылынып, колуңуз же жүн шарф менен укалаңыздар;
—Өтө катуу үшүк алып кетсе жылуу нерсе менен оронуңуздар.
Суукта өрт коопсуздугун сактаңыздар!
Өзгөчө кырдаал кызматына чалыңыздар, кызматтын телефону 112, акысыз.

Бул тууралуу ӨКМ министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты