Көчкү коркунучунан  көчүрүлүүдө

Көчкү коркунучунан  көчүрүлүүдөЖалал-Абаддагы Cузак районунун Кара-Алма айыл аймагында 2018-жылдын 24-январы күнү Орток айылынын Көл-Камыш участкасында саат 08:00 чамасында көлөмү болжол менен 120000 м3 жер көчкү сүрүлө баштаганы байкалып, 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы андагы турак үйлөрдүн экөөндө эч ким жашабагандыгын, бир үйдө 4 киши жашагандыгын аныктаган. Учурда кооптуу жердегилер туугандарыныкына көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты