Былтыр балага жыныстык ыдык көрсөткөн 60ка жакын адам камалды

Былтыр балага жыныстык ыдык көрсөткөн 60ка жакын адам камалды

Кыргызстанда 2017-жылы жашы жете электерге жыныстык запкы көрсөткөн 57 жаран камалган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашкан.

— Ошол 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул абдан көп. Бул билинип калганы. Ал эми билинбегени, айтылбаганы канча?- дейт лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүндө балдарды зордуктоого каршы чаралар жазылган. Бул оор кылмыштын катарына кирет жана 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланары көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты