Акыйкатчы институту: Бир миллион чамалуу калк таза суу менен камсыздалган эмес!

Акыйкатчы институту: Бир миллион чамалуу калк таза суу менен камсыздалган эмес!26-январда “Парк-отелде” КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин калктын таза суу менен камсыз болушу туурасындагы атайын докладын талкуулоо жыйыны болот.

Анда калкты таза суу менен камсыздоонун күңгөй-тескейи тууралуу кеңири сөз болмокчу.
Кыргызстан Орто Азиядагы суу ресурстарына бай өлкөлөрдүн катарына киргендигине карабастан, азыркы учурда болжол менен 1 млн. калк таза суу менен камсыздалган эмес. 725 айыл-кыштак (38%) борборлошкон суу менен камсыздоо системасына кошулууга толук мүмкүнчүлүгү жок, ал эми 400 дөн ашуун айыл-кыштакта суу түтүк тарамы жок болгондуктан, сууну булактан алууга аргасыз, 267 айыл-кыштак өткөн кылымдагы, 60-жылы курулган эски суу түтүктөрдү колдонуп келишет, ал эми 396 айыл-кыштакта суу түтүктөрү таптакыр жок.
Бул чөйрөдө заманбап талаптарга толук жооп бере турган жана улуттук кызыкчылыктарын эске алган жакшы жана ылайыкташтырылган мыйзам зарылдыын Акыйкатчы инсититуту белгилейт.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты