Көчкүдө калган кишинин сөөгү табылды

Көчкүдө калган кишинин сөөгү табылдыӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Жети-Өгүз районунда кар көчкүдө калган кишинин сөөгү бүгүн, 24-январда түш ченде табылгандыгын кабарлады.
Кар көчкү алдында калган кишинин сөөгүн куткаруучулар менен жергиликтүү элдин 100дөй өкүлү издеп жаткан.
Бул кырсык 21-январда болгон. Көк-Жайык жайлоосунун Телти аттуу жеринде мергенчиликке чыккан үч кишинин бирин—Р. Ашымбаевди кар көчкү басып калган. 1979-жылы туулган Р. Ашымбаевдин сөөгү бүгүн түш ченде табылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты