“Шумкар” полкундагылар 1 827 200 сомду сол чөнтөккө салышкан! 

“Шумкар” полкундагылар   1 827 200 сомду  сол чөнтөккө салышкан! ИИМдин ички иликтөө кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте Оштогу “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өкүлдөрү 1 827 200 сомду өздөрүнө мыйзамсыз которуп алган фактысынын бетин ачышты. Бул— кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө төлөнө турган каражат эле.
“Шумкар” полкунун каржы кызматынын О.Э. жана О.М. аттуу кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн ички иштер органдарынан бошотулду. Бөлүмдөрдүн жетекчилерине катуу тартиптик жаза берилип, бөлүм командиринин орун басары  И.Б. кызматынан бошотулуп, ал эми бөлүмдүн командири А.Н. дисциплинардык жаза алды.
Кызматтык иликтөөнүн негизинде топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Тартип бузууларга жол берген министрликтин Атайын даярдыктагы полкунун кызматкерлери (Ош шаары) иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкканча кызматынан убактылуу четтетилди.
Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты