Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

(Башы гезиттин  өткөн  санында)

Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндөГезиттин өткөн сандарында “жиндичиликтен коргоо” деген сөздүн маанисин чечмелеп жаздым эле,  аны бийлик кумарына мас болгондорду  соолуктуруучу, аларды  элирип же эсирип кетүүдөн токтотуучу,  “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей кыял-жоруктун  эл-журтка болгон кесепетин азайтуучу,  чийинден чыгып бара жатканынын тизгинин тартып кайра ийге салып туруучу, калыптан чыгарбай кармап туруучу мыйзамдык жана коомдук тосмолорду түзүү, аларды турмушка ашырып туруучу механизмдерди жаратуу деп түшүнүү керек экендигин айттым эле. Мына ушул өңүттөн алып караганда айтылып жаткан көйгөйдүн чордонунда Сот түзүмү жана алардын ишмердиги турат. Эгемендик алган күндөн бери Сот реформасы жөнүндө, соттордун судьяларынын көз карандысыздыгын жана адилет иштөөсүн камсыз кылуу  жөнүндө айтып дагы, жазып дагы келе жатабыз.  Бул багытта канчалаган иш-чара белгиленди, канчалаган жыйын өттү,  “жазылып жаткан токтом көп, мыйзам деген боктон көп” деп эл ичиндеги куудулдар айтып жүргөнүндөй эле ахвалда турабыз, мыйзам көп, майнап жок, иштин жыйынтыгы жок. 

Жакында дүйнөлүк коомчулук Америка Кошмо Штаттарында болгон бир окуяга күбө болду.  Жаңы шайланган президент Дональд Трамптын алгачкы указдарынын бирин Федералдык сот токтотуп койду, баш мыйзамдын ички мазмунуна туура келбейт деген жүйөө менен. Андан кийин АКШнын Адилеттик министрлиги доо арыз менен кайрылып соттун чечимин жокко чыгаруу аракетин кылды эле, кийинки Сот дагы мындай доону четке какты, ошентип президент Трамптын мусулмандардын Америкага келүүсүнө чектөө коюу аракетинен майнап чыкпай калды. Мындай окуя бизде болсо  чыныгы “бомба” катары жарылып, ооздон оозго өтүп  эл ичинде аңыз болуп айтылып калмак, ал эми Америкада болсо кадырэсе окуя катары айтылып, коомчулук деле ошондой мамиле кылып кала берди,  ал эми президент Трамп өзүнүн жарлыгына түзөтүүлөрдү киргизүүгө мажбур болду.

Мына ушундан улам суроо жаралат – эгерде былтыр 2016-жылдын август айында Жогорку Соттун Конституциялык палатасы акыйкат чечим чыгарып, референдум өткөрүүгө болбойт, анткени Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укугунан чыгып кетти, Конституцияга кол салууга акысы жок, кеминде 300 миң шайлоочунун демилгеси жок деген чечим чыгарып салса эмне болот эле? Айтыш кыйын. Бирок туура болмок, эл дагы өлкөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө ишенип, жаңы саясий маданиятка ынанып калмак.  Мамлекет ичи дагы азыркыдай кооптуу абалга кириптер болбойт эле,   коомдогу саясий жана психологиялык ырай дагы курчубайт болчу. Аттиң дегенден башка айла жок азыр.  Апрель Элдик революциясынан кийин Конституциялык палата мыйзамдуулуктун кепили болот деген ишеним дагы таш капты. Мурдагы Конституциялык Соттун таркатылыш себептери да сабак болгон жок. Тагдырдын дагы бир тамашасын кара, ошол Бакиев заманындагы Конституциялык Сотту таркатуу үчүн юридикалык негиздемени даярдаган адистердин арасында Конституциялык палатанын азыркы Төрагасы Эркин Мамыров дагы бар болчу, өзү аралашып, өзү катышып жүргөн. Бирок болбоду, кайра эле “Ак үй айтты” деп эле бийлик ээлери каалап турган  чечимди токуп бере салды өзү төрагалык кылып. Бул жерде акыйкаттык үчүн айта кетүүчү нерсе, бул маселени карап жаткан 11 судьянын ону  бийликтин айтканын колдоп чыкса дагы жалгыз Эмиль Осконбаев деген судья каршы пикир айтып, колдогон жок.  Бали дедик, ыраазы болдук. Андан бир аз мурда Конституциялык палатанын дагы бир судьясы Клара Сооронкулова дагы өз ыктыяры менен кызматын таштап баса берди эле, шайлоо эрежелерине биометрикалык аныктоону киргизүүдө саясий чечим болуп жатканына нааразычылык билдирип. Мына ушул  эки мисал келечектен жакшылыктын үмүтүн үзбөй кармап турат, сот түзүмүнүн ичинде жалаң эле күн карама, кара курсактын кулу болуп калган кишилер эмес, адамдык абийирди, ыйманды бийик туткандар да бар турбайбы деген ишеним жаратат.

Сот түзүмүнүн реформасы 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынан кийин көңүлдүн чордонунда турган маселе болчу, Убактылуу Өкмөт бул маселени далай жолу талкуулаган. Анткени 2005-жылкы Март революциясынын дагы, 2010-жылкы Апрель революциясынын дагы  чыгуу себептеринин ичинен Сот акыйкаттыгынын жоктугу, күнөөсүз адамдардын саясий буюртма менен соттолушу, жарандык өз ара чатактарда акчалуулардын, бийликтеги азуулуулардын жараяны жүрүп, бей-бечералардын үнү угулбай, укугу корголбой калганы орчундуу орунда турган.  Сот адилеттиги жоктон улам эл козголгон, нааразычылык күчөгөн.  Бирок, тилекке каршы, мына ошол Сот адилеттигин камсыз кылуунун, Сот реформасын жүргүзүүнүн жолун тандоодо катачылык кетириптирбиз, натуура ойго жетеленип, калпыс түшүнүктөргө таяныптырбыз. Муну азыр моюнга алууга туура келет. Биз башкы басымды сотторду судьяларын тандоого жасап, ошол тандоону жана дайындоону жакшыртсак соттордун курамы тазарат, соттордун чечимдери адилет болот деген ишенимде элек. Мурдагы бийлик өздөрүнө жакын адамдарды, тууган-туушкандарды, акчалуу адамдарды гана сотко кызматка койгон, алар ошон үчүн айтканды айткандай аткарууга мажбур деп ойлогонбуз.  Ошондуктан мурдагы заманда мыйзамсыз чечим чыгарган судьяларды иштен четтетүүгө да аябай көп көңүл бурдук эле.  Бирок иш биз ойлогондой болгон жок, теңирден тескери кетти.  Мына бүгүн деле Соттор бийлик кандай десе ошондой өкүм чыгарып жатышат,  тетирисинче судьялардын бийликтен көз карандылыгы ого бетер күчөп кеткендей болуп калды. Көрсө кеп тандоодо жана дайындоодо эмес экен. Кеп Сот түзүмүнүн өз алдынча бийлик бутагы катары калыптанышында экен, Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт кандай бийлик болсо Сот дагы ошондой эле бийлик болуп, алардан көз каранды болбой иштей турган шарттардын калыптанышында экен.

Мына кечээ Бишкек шаарынын мэри Ибраимовдун ар-намысын коргоп  Биринчи май райондук соту Текебаевди бир миллион сом айыпка жыккан өкүм чыгарды.  Бул чечим канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин кийинки соттук териштирүүлөр аныктаар, тактаар, акыйкат чечим болоор,  а биз болсо ошол сот отурумунун өтүшүнө эле назар салалы. Соттун отурумунун тартиби мыйзам тарабынан так аныкталган зарыл шарттардын бири – бул тараптардын катышуусу. Бирок кече Текебаев жок болгонуна, камакта отурат, сотко катышууга анын адвокаттарынын укугу чектелүү экенине карабай  судья бир жактуу карап, өкүм чыгара салышынын өзү  эле бул саясий буюртма экендигин, мындай чечимге ишенүүгө болбой турганын далилдеп жатпайбы.

Мамлекеттик төңкөрүш жасоого шектелип кармалган Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков жана башкалардын иши да сотто каралып жатат, бирок жабык тартипте. Бу дагы көп суроо жаратат. Анткени сот отурумдарын жабык өткөрүүгө негиз жок. Тескерисинче “мамлекеттик төңкөрүш” иши коомду кызыктырган орчундуу маселе, ар бирибиздин кызыкчылыкка түздөн-түз тиешеси бар нерсе. Ошондуктан сот ачык өтүп, коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылуу зарыл болчу.  Ал эми соттун отурумдары жабык болуп, ал жерде кандай сөз айтылып жатканы, кандай күнөө коюлуп, айыптоочулар кандай далилдерди келтирип, айыпталуучулар кандай жүйөө менен жооп берип жатканынан такыр маалымат жок. Мунун өзү соттун жыйынтыгына ишенимди азайтат, шек жаратат, алдын ала эле “саясий буюртма”, “саясий куугунтук” деп аныктама чыгарууга негиз болот.Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

Жакында Жогорку Кеңеште Сот түзүмүнө тиешеси бар мыйзам долбоору талкууланып жатты. Мына ошол жерде “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов сунуш кылды – судьяларды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жакын туугандарын күнү-түнү көзөмөлдө кармап, алардын телефондон сүйлөшүүлөрүн тыңшап туруу керек деп. Ага Баш прокурор Индира Жолдубаева каршы чыкты, бул жарандардын Конституциялык укуктарын чектөө болуп калат, кызматка келип жаткан судья макул деп кат жазып бергенине карабастан мындай чектөөлөрдүн киргизилиши калпыс иш деп. Кимисинин жүйөөсү өтүп, кандай мыйзам кабыл алынарын билбейм, депутаттар өздөрү билип, каалагандай мыйзам чыгарып жатышпайбы азыр. Бирок Бабановдун сунушу боюнча пикирибизди сөзсүз айтуубуз керек. Анткени ал сотторду күнү-түнү кайтарып отуруп адилеттүүлүк орнотобуз деген жаңылыш ойго жетеленип жатпайбы. Соттордун судьялары пара албай, таза иштешин аларды кайтарып отуруп камсыз кылууга болбойт. Ар бир соттун жанына экиден күзөтчү койсок дагы, ал күзөтчүлөрдүн жанына дагы экиден күзөтчү коюуга туура келет. Сот кызматкерине ишенбей, анан аны кайтарып тургандарга кантип ишеним арта алабыз? Эмне алар башка топурактан жаралды деген кепилдик барбы, азыр баарыбыздын эле топурагыбыз бир жерден, ушул коомдо туулуп-өсүп, ушул коомдун тарбиясын көргөндөрбүз.  Сотко ишенбей, ошол сотту тууган-туушкандары, жек-жааттары менен кошо тыңшап отурган  ГКНБнын кызматкерине ишенебизби?  Ал дагы ыйманын жеп, каалаган кишинин калпыс сүйлөшкөнүн жарыя кылып, каалаган кишисиникин өчүрүп салбайт деп ким кепилдик бере алат?  Ал деле бизге окшогон пенде да. Анча болду Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү жана башка бардык чиновниктерди  толугу менен көзөмөлдөп, алардын тууган-туушкандары да толугу менен көзөмөлдө болуп, телефондо сүйлөшүүлөрү, кат жазуулары толук угулуп, окулуп, ачык жарыя болуп  турат деп мыйзам чыгарып салбайлыбы.  Менин оюмча мына ушундай кадам адилеттүүрөк болот эле. Эгерде сотторго карата мыйзам долбооруна Өмүрбек Бабановдун сунушу өтүп калса, анда Сот түзүмү таптакыр эле өлдү, жок болду деп эсептеп коюу керек.  Бул сунуштун төркүнү барып эле 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү кетирген жаңылыштыкка такалат. Кеп судьяларды тандоодо, аларды дайындоо эмес, кеп алардын артынан күнү-түнү түшүп алып аңдууда эмес. Кеп Сот түзүмүн реформалоонун  туура жолун табууда, ушул багытта туура аракеттерди жасоодо.  Кеп Америка Кошмо Штаттарынын сот түзүмү өлкөсүн жаңы шайланган президенттин “жиндичилигинен” кандай коргоп калса, Кыргызстандын Сот түзүмү дагы ошондой эле коргой ала турган шарттардын түзүлүшүндө. Сөз учугу мындан ары ушул өңүттө уланмакчы.

(уландысы бар)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты