Кароосуз калган балдар

Кароосуз калган балдарБишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 18-19-январда «Кароосуз калган балдар» аттуу рейд өткөрүштү.
Рейд учурунда милиция, билим берүү жана социалдык бөлүм кызматкерлери соода жана оюн-зоок мекемелери, компьютердик клубдар, жылуулук берүүчү түйүндөрдү текшеришти. Анын натыйжасында туруктуу жашаган жери болбогон, селсаяк турмуш кечирген балдардын тобу аныкталды. Туруктуу жашаган жери болбогон 192 бала кармалды. Алардын арасынан селсаяк болуп жүргөн, кайыр сурап жан баккан 103 бала ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. 5 бала мектепке барбай жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты