Давостон сүйлөдү

Давостон сүйлөдүКР премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун сессиясынын биринде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Бул сессиянын ишине «Microsoft», «HP», «UPS» сыяктуу жана башка дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Өкмөт башчы Кыргызстандын санариптик программаны ишке ашыруусу, анын ичинде санариптик өкмөт, санариптик билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. долбоорлор, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары “Digital CASA” долбоорунун ишке ашырылышы боюнча сөз болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга 1998-жылдан бери барган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты