Марина Шипулина: “Жасалма порновидео аркылуу менден өч алгысы келген”

Марина Шипулина: “Жасалма порновидео аркылуу менден өч алгысы келген”Бүгүн, 23-январда, “Аки пресс” агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын вокал жана хор факультетинин улук окутуучусу Марина Шипулина порносайттагы видеого өзүнүн тиешеси жок экенин билдирди.

Марина Шипулина ал порновидео алты жыл жылуу мамиледе болуп келген адамдын айрылыш жолго түшкөндөн кийинки  жекече өч алуусу экенин айтты.

“Тааныштарым атайын программанын жардамы менен адамдын өңүн өзгөртүп коюуга болорун айтып жатышат. Порновидеодогу аялга окшоштугума өзүм да таң калдым. Бирок ал жаш, 27 жаштан кем эмес куракта экени көрүнүп турат. Бул боюнча милицияга кайрылдым” деди М. Шипулина.

Айта кетсек, маалымат сайттардын бири консерваториянын окутуучусу Марина Шипулинанын катыштыгы бар делип, порносайттардын бирине жайгаштырылган видео тууралуу кабар жарыялаган. Кийин мындай маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катарына, министрликтерге  жана консерваториянын жетекчилигинин наамына да келип түшкөнү белгилүү болгон.

Маданият министрлиги тергөө учурунда Марина Шипулинаны убактылуу кызматтан бошоткондугун билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты