Карамолдону эскерүү кечеси
- 7 лет мурун
- Блог
Эртең, 24-январда, Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейинде кыргыз элинин залкар композитору Карамолдо Орозовду эскерүү кечеси болот.
Кечеге улуу композитордун уулу Кийикбай, неберелери Алтынбек, Канат Карамолдоевдер, маданият өкүлдөрү А. Асакеев, М Исаков, Н. Ураимов ж.б. катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Карамолдо Орозов Ысык-Көлдүн Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. 1928-жылдан баштап, чыгармачылыгы жогору бааланган. Музыка иликтөөчү А. Затаевич 1928-жылы Карамолдонун аткаруусунда 30 чыгарманы жазып алган. Карамолдо — “Сынган бугу”, “Ибарат”, “Кара өзгөй”, “Көкөй кести”, “Насыйкат” ж.б. залкар күүлөрдүн автору. 1935-жылы Кыргыз АССРинин эл артисти наамын алгачкылардан болуп алган. 1939-жылы Бүткүл союздук конкурстун лауреаты болгон.
Учурда өлкөнүн Эл аспаптар оркестри, Нарындагы музыкалык мектеп Карамолдо Орозовдун атын алып жүрөт.