Төрага Жумабеков: Парламентти таркатууга негиз жок

Төрага Жумабеков: Парламентти таркатууга негиз жок

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаман көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деп эсептерин айтты.

Бүгүн журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таркатууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, мыйзам боюнча депутаттар өздөрү гана чече аларын белгиледи.

Ошол эле учурда спикер жаңы парламентке азыркыдан да мыкты, иштермандар келет деп эч ким кепилдик бере албастыгын кошумчалады.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары «учурдагы парламент мөөнөтүнөн мурун тарашы мүмкүн» деп жазып чыгышкан. Депутаттар бул тууралуу расмий деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн айтып келе жатышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты