Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө
- 8 лет мурун
- Блог
“Аны-муну дегиче, айтып оозду жыйгыча” демекчи, жогоруда мамлекеттик кызмат абалын жеке кызыкчылыктарга пайдаланууга бөгөт коюу жөнүндө сөз кылып келе жаттык эле, эми минтип Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча ызы-чуу болуп жатып калдык. Камакка алуу фактысы, анын зомбулук менен, коомчулукту коркутуу, башка оппозициялык маанайдагы саясатчылардын жүрөгүнүн үшүн алуу максатында жасалган “театралдык шоу” сымал ишараттар менен ишке ашырылышы коомчулукту кабатыр кылды, нааразычылык жаратты. Кай бир адамдар айтып жатышпайбы “эмне силер өзүңөр коомду тазалайлы, жемкорлукту жоёлу деп айтасыңар да кайра Текебаевди коргоп митингде жүрөсүңөр” деп. Азыр бийлик мына ушул ойду коомго таңуулап, Текебаевди коргогондордун баары өздөрү ууру дегендей пикир жаратууга аракет кылып жатат. Мына ушул нерсеге мен ачык, так жооп бергим келет. Ооба, 2010-жылдын Апрель айында Отунбаева, Атамбаевдер башында турган Убактылуу Өкмөт өлкө үчүн жоопкерчиликти моюнга алып жатканда таза коом, таза мамлекет куралы деп тилек кылганбыз, ошол максатка башыбызды байлаганбыз. Бүгүн дагы биз бул жолдон тайган жокпуз. Бирок кеп башкада болуп жатат, мына ушул жагын жакшы түшүнүү керек.
“Кырсык каш-кабактын ортосунда” дейт. Кырсыктап калыш ар адамдын башында. Мындай учурда табалаш туура эмес иш. Бир топ аттуу-баштуу делген кишилерге караганда кечээ эле бийликтен ыдык көрүп, ошол эле Текебаев менен каршылаш болуп жүргөн Камчыбек Ташиевдин айткан сөздөрүн накта жигиттик десе болот. Башына иш түшүп турган кишини табалап, сооп болду дешке анча деле акылдын да, эрдиктин да кереги жок. Бирок ушундай кыйчалыш учурда калыс сөз айтууга, акыйкаттык жагын сүйлөөгө бир топ эле даражадагы адамдык сапат керек, инсандык касиет керек. Өчү бар, кеги бар бирөөлөр азыр Текебаевдин үстүнөн түшө калып, аны кошо тебелегендин ордуна калыстык оюн айтса, же жөн эле унчукпай отура турса адамкерчиликке туура болмок деп ойлойм. Кеп Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү бар же жок экендигинде эмес, кеп ага карата жасалган мамиледе, зомбулукта. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында саясатта, коомдо өз орду бар, өтөгөн эмгеги бар инсанга карата кайдагы бир террорчуга карата кылган мамиле өкүндүрбөй койбойт. Анын үстүнө Текебаевге каршы көрсөтмө берип жаткан Маевский деген неменин өзү күмөндүү, ишенүүгө болбой турган киши экени айкын болуп калбадыбы. Буга чейин Россияда кай бирөөлөргө жалаа жапкандыгы үчүн эки-үч жолу соттолгон неме экен, бир топ экономикалык афераларды жасаптыр, азыр дагы Россиянын тартип коргоо органдары тарабынан бир топ айып тагылып да жаткандай. Кыскасы мына ушундай “суу куйдунун” айтканы менен эле колу-бутун кайрып камай берүүгө болбойт го, акылга да сыйбайт мындай жорук. Балким бул жолу да Маевский кандайдыр бир максат менен же бирөөлөрдүн заказы менен Текебаевге жалаа жаап жаткандыр, окуя ушундай өңүттө бара жатпайт деп ким кепилдик бере алат? Айтуу кыйын. Күнөөсү болсо мойну менен тартат, күнөөсү жок болсо “ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи акталат, кайра түрмөдөн жүзү жарык болуп, зоболосу көтөрүлүп чыгат. Эми ал Кудайдын колундагы иш.
Мына ушундан улам, Текебаевди коргоочу митингге эмнеге бардыңар деген суроого жооп берейин. Ал жерге Роза Исаковна Отунбаева дагы, мен дагы, дагы бир топ таанымал эле саясатчылар, айрыкча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү акыйкаттык үчүн бардык, адамкерчилик үчүн бардык. Коомдогу, мамлекеттеги акыркы мезгилде болуп жаткан окуялардын багыты күмөн экенин, бийликтин ички маңызы, мазмууну өзгөрүп бара жатканын көрүп туруп бардык, мамлекеттин эртеңине, Кыргызстандын келечегине бушайман болуп бардык. Анткени биздин жоопкерчиликти эч ким алып сала албайт, өлкө үчүн Атамбаев азыр кандай жоопкер болсо, ошол Апрель революциясына тиешеси бар бардык адамдардын да жоопкерчилиги ошондой эле.
Коррупцияга каршы күрөш тандамал жүргүзүлүп жатканы айдан ачык эле көрүнүп турат го. Муну ким көрбөдүм же укпадым деп айта алат. Баары көрүп дагы, билип дагы турат. Мына, “Дастан” заводунун мурда Максим Бакиевдер ээлик кылып алган жерин будамайлап, сот аркылуу ишканага кайра алгандан кийин мурдагы улутташтырылган мүлктүн тизмесине атайын эле киргизбей коюшуп, анан аялына сатып алды кылып, андан ары акыры барып ал жер Атамбаевге тийип атпайбы. Албек Ибраимов өзү моюнга алып атат, “президентти уят кылдым” деп, 22 миллион сомго сатып алып бир жумадан кийин кайра Атамбаевге 32 миллион сомго сатып жиберген. Эгерде ал жер заводдун карамагында эле туруп азыр сатылса ишкана бир топ эле пайда көрмөк экен да, канча зыян тартты, жок дегенде 10 миллион сом. Завод бүгүн акча каражаты жок деп иштебей турат. Бул эмне коррупция эмеспи?
Акаевдин заманында деле, Бакиевдин заманында деле бир топ көрүнүктүү адамдарга “коррупция” кинеси менен кылмыш иши козголуп, камалып келген. Башкасын коюп эки генералдын эле мисалына кайрылалы. Генерал Феликс Кулов камалды, соттолду. Ага аябай оор кылмыштар боюнча айып тагылган. Эске салсак, 2000-жылдын март айында жүрөгү ооруп ооруканада жатканына карабастан камакка алынган, анда да коомчулук нааразы болгон, “сакайып чыкканча күтө турса болбойт беле, Кулов деген жөнөкөй адам эмес, мамлекетте экинин бир болуп турган, вице-президент, коопсуздук кызматынын башчысы, губернатор, Бишкектин мэри болуп кызмат кылган, эмне качып кетмек беле” деген сөздөр да айтылган. Бирок анда акталып чыккан. Тагдырдын тамашасын кара, ошондо бийликтин сөөмөйүнөн коркпой Куловду актап өкүм чыгарган судья Нурлан Ашымбек уулу бүгүн өзү камакта отурат, анын үстүнөн да бирөөлөр 50 миң доллар сураган деп арыз жазышыптыр. Эми сураганын же сурабай эле жалаа болуп жатканын бир Кудай билет, кеп анда эмес, кеп мына ушундай амалда, бирөөнүн айтканы же жазганы менен камап салуу мүмкүнчүлүндө. Сөздү ушул өңүттө дагы улайбыз, бул макаланын максаты ушу. Куловдун окуясы ошону менен эле бүтүп калган жок, кийинки жылы аны 7 жылга түрмөгө кесишип, бир жыл өткөндө үстүнө дагы 10 жыл кошушкан. Ошентип, ошол мезгилдеги чыгарылган өкүмдөр боюнча Феликс Кулов баш аягы он жети жыл камакта отурууга тийиш болчу. Бирок коомдук пикир бул окуяны саясий куугунтук катары кабыл алды, Кулов коррупционер дегенге ишенбеди. Ошондой эле Эл аралык уюмдар, башка мамлекеттер дагы сот өкүмдөрүнө ынанбай турганын билдиришти, ал тургай 2005-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси өз чечиминде Кыргызстан бийлигинен Куловду бошотууну талап кылган. Бийлик коррупционер катары мокочо кылам деген Кулов акыйкаттык үчүн күрөштүн туусу болуп чыга келди, элдик баатырга айланды.
Ошондой эле Исмаил Исаков камалды, ага дагы коррупция күнөөсү илинди, 7 жылга түрмөгө кесилди. Ошол учурда Атамбаев баш болуп жүрдүк соттун жанында, чырылдадык күнөөсү жок деп. Бийлик “Исаков ууру” деди, бирок эл ишенбеди бийликке, аа мейли, күнөөсү бар турбайбы, жата берсин деген жок, коргоду, колдоду. Алайдын эли жолду милиция тосуп турганын карабай кыштын күнү жыңайлак суу кечип өтүп Исаковду коргоп митингиге катышып жатканына күбө болдук го, элдин демине ыраазы болдук го.
Мына, жогоруда айтып кеттим, Аскер сотунун судьясы Нурлан Ашымбек уулу камалды, бирөөлөр арыз жазышыптыр, бизден акча талап кылган деп. Эми мындай факт болгонбу же жокпу бир Кудай билет дечи. Бирок кеп ушул схемада. Мындан бир топ жыл мурда Министр Равшан Сабиров камалды, он жылга кесилди. Анда дагы анын жардамчысы бирөөлөрдөн акча алып кармалып, анан мен министрге бермекмин деп көрсөтмө берген. Бирок берген фактысы такталган эмес, далил жок. Ошондой эле, Президенттик Аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев камалды, соттолду. Бул жерде дагы мурдагы депутат Коркмазов бирөөлөрдөн акча алып кармалып, анан акчаны Нарынбаевге бермекмин деп көрсөтмө берген. Бирок бергени далилденген жок.
Мына ушундай окуялар миңдеп болбосо дагы, жүздөп саналат болушу керек. Коомчулук билбеген, укпаган канча киши соттолуп жатат, камалып жатат, тактаган киши жок. Пара алып жатып кармалды, баңгизат менен кармалды деген иштердин көбүнө ишеним жок. Мен буларды саймедиреп санап жатканымдын максаты бир эле – бийликтеги адам “жиндичиликке” баш уруп, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп ажыдаарга айланып кетпеши үчүн милиция, коопсуздук кызматы, прокуратура жана сотторду саясаттын алкагынан сыртка чыгаруубуз зарыл, бийликтеги адамда мамлекеттик түзүмдөрдү жеке кызыкчылыкка пайдаланууга эч кандай мүмкүнчүлүк болбоого тийиш. Эгерде ушул жагынан бийлик башындагы кишинин колу кыскартылбаса, жолу тосулбаса, жоопкерчилиги аныкталбаса, элдик көзөмөл коюлбаса, анда жогоруда саналып өткөндөй кылмыш иштерин кимге карата болсун токуй коюуга болот, кимди болсун жаманатты кылып камап салууга болот. Айрыкча кызматтагы адамды каралоо жеңил желпи эле иш. Анын кабинетине же дагы бир жерге акча катып коюп, анан барып күбөлөр менен таап камай салууга көп деле акылдын кереги жок.
Экинчи жагы, бийликке каршы сүйлөп жүрүп анан айып тагылып камалган адамдардын баары, каалайбызбы биз же каалабайбызбы, баары бир саясий куугунтуктун курмандыгы болуп кала беришет. Коомчулук ушундай кабыл алат, аларды колдойт, коргойт. Бул дагы азыркы турмуш чындыгы. Бүгүн Кулов менен Исаковду коррупционер деп ким айта алат? Эч кимде андай негиз жок. Ошондой эле эртең Текебаев дагы ак жеринен күйгөн адам катары улуттук баатыр болуп калуусу толук ыктымал, көпчүлүк эл коюлуп жаткан айыптоого ишенген жок. Анткени азыркы бийликтин ырайы ошондой, кылып жаткан иштери күмөн, эки сүйлөп, калп айтып, анан кылган иши менен айткан сөздөрү ача чыгып жаткандан улам коомчулуктун толук ишенимине ээ эмес.
Бийлик кумары күчтүү, байлык кумары андан дагы. Бул турмуш чындыгы. Жогоруда бийликке келген адамдын ажыдаарга айланып кете бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин далилдеп жаздым, илимий жагынан дагы, тарыхый окуялар жагынан дагы негиздеп бердим. Учурдагы болуп жаткан окуялар айтылган ойлорду дагы бир жолу тастыктады. Ошондон улам өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы өтө эле учурлаш көйгөй экендигине дагы бир жолу ынанып отурабыз. Жалпы аракет менен бөгөт коюлуп, мыйзам чегинде токтотулбаса бул илдет дагы да тереңдеп, дагы да күчөй берери шексиз.
(Уландысы бар)
Эмилбек Каптагаев