Сооронбай Жээнбеков, КР президенти: “Аймактык лобби күчөдү”

Сооронбай Жээнбеков, КР президенти: “Аймактык лобби күчөдү”Бүгүн, 23-январда, 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоого байланыштуу жумушчу топтун биринчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков койгон 7 маселени кененирээк чагылдырып берели.

—Аймактардын  өнүгүүсүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок. Аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк, айырмачылык андан ары тереӊдей бере турган.  Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды болуп калды. Өнүгүү аянты Бишкектин тегерегинде гана болуп, жалпы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылып турчу таяныч шаарлардын каркасы пайда болгон жок.

Мамлекеттин негизги эки экономикалык аспабы — салык-бюджет саясаты жана акча-кредит саясаты аймактарды өнүктүрүүгө түз түрткү бере албай жатат.

Мамлекеттик бюджеттин кирешелери негизинен бир-эки шаарда топтолуп, жергиликтүү бюджеттердин борбордон көз карандылыгы күчөдү. Айрым айылдардын өздөрү чогулткан кирешелери алардын борбордон алчу трансферттеринен аз болуп калган учурлар бар.

Акча-кредит саясаты аймактарды  өнүктүрүү маселесине ылайыкташкан эмес, аймактарда бир дагы өз алдынча банк пайда болгон жок.

Экономикалык саясат тармактык принципке гана таянып, аймактардын өзгөчөлөгүн эске алууга ылайыкташкан эмес.

Аймактарды өз ара салыштырганда да, айырмачылык чоӊ бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат, бири өнүксө, бири каралбай калып калууда. Анткени күчтүүсү бюджеттик да, гранттык да, кредиттик да каражатты тартып кетип жатат. Жашырганда эмне, кайсы аймактан  чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган аймактар артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду. Ошол себептен улам аймактардын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө, калктын кирешелеринде жана жакырчылык деңгээлинде олуттуу аймактык  айырмачылык сакталууда.

Өнүгүүдөгү айырмачылыктар артта калган жактардан эмгекке жарамдуу калкынын ийгиликтүү аймактарга көчүп кетүүсүнө алып келүүдө. Аймактарда эмгек ресурстарына болгон муктаждык Бишкек шаарына жана Чүй облусуна караганда бир кыйла төмөн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары жана Чүй облусу өлкөнүн аймактарынан мигранттар тынымсыз агылып келип жаткан жер болуп калды.

Аймактардан  элдин көчүп кетүүсү жергиликтүү квалификациялуу эмгек ресурстарынын жетишсиздигин жаратып, аймактардын дараметин азайтууда. Бул көйгөйлөрдүн баарын рынок өзү чечет, мамлекеттин кийлигишүүсү зарыл эмес деген позиция жарабай калды. Мындан ары бул көрүнүштү кескин өзгөртүү зарыл.

Аймактарды  өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасап, бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн олуттуу, анын ичинде мыйзамдык жаңы чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгы жаралды. Ошондуктан, жумушчу топтун мүчөлөрүнүн төмөнкү маселелерге көӊүл буруусу зарыл:

Биринчи: Бюджеттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө, салык топтоодо аймактык дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керек;

Калктын жыштыгын, айылдын, райондун, облустун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аймактык пландаштыруунун критерийлерин жана стандарттарын иштеп чыгуу зарыл.

Бул ишти бир эле каржы министрлигине калтырбай, башка министрликтер менен ведомстволор, жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, элдин бакубат жашоого, сапаттуу билим алууга, ден соолукка, маданиятка жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек.

Экинчи: Кредит саясатын аймактардын муктаждыгын эске алуу менен, туура жүргүзүү керек;

Улуттук банк акча-кредит саясатына аймактарды  өнүктүрүүгө багытталган жаӊы элементтерди кошуусу зарыл. Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттар ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. Айылбанк, кепилдик  фонд, РСК банк муну эске алышы керек.

Үчүнчү: Аймактарда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатуу жана кайра иштетүү маселеси.

Аймактарда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканаларын курууну жандандыруу зарыл. Ички рыноктун потенциалын жогорулаткан долбоорлорду ишке ашыруу керек.

Төртүнчү: Аймактын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Ар бир облустун бренди болушу керек. Нарында этти кайра иштетүү, Баткенде өрүктү кайра иштетүү керек деп айтып келатабыз, бирок реалдуу өндүрүш курулган жок. Аймактарды адистештирүү маселеси да ушуга такалат. Чындыгында, аны  эл өзү эле чечип  жатат.

Бирок, бизде аксап жаткан маселе кайсы? Өз киндигин өзү кесип жаткан дыйкан жана фермерлерге колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуу эместиги. Мамлекеттик маркетингдин жана натыйжалуу башкаруунун жоктугу. Ишканалар менен иштешпейт. Артынан түшүшпөйт.

Мына, биз ЕврАзЭСке кирдик, Өзбекстан менен чек ара ачылды. Демек атаандаштык да күчөйт. Атаандаштыкка туруштук бериш үчүн айыл чарбага, кайра иштетүүгө, дыйканчылыкка катуу колдоо көрсөтүшүбүз зарыл.

Бешинчи: Таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө ж.б. турмуштук көйгөйлөр, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана санитария — Кыргызстанда негизги маселелердин бири.

Өнүгүү  үчүн кайсыл жерге, качан, кандай өндүрүш объектисин куруу керек экендигин жергиликтүү эл, аймактагы  бийлик жакшы билет. Аймактарды өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өкүлдөр менен чогуу иштөө керек.

Алтынчы: Мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасын аймактык  жана жергиликтүү деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл.

Азыр райондогу мамлекеттик администрациянын да, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин да мүмкүнчүлүгү чектелүү. Аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бирок, ошол эле учурда катуу талапты да коюш зарыл. Ошондо жоопкерчилик болот.

Азыр айылда суу жок болсо да, свет өчсө да, жол бузулса да эл Президентке кайрылат. Бул сыяктуу локалдуу маселенин баарын жеригиликтүү бийлик – аким, айыл өкмөт өздөрү чечиш керек. Жергиликтүү бийликтин ошол маселени чече турган каржылык, материалдык-техникалык  дарамети болушу зарыл.

Ошондуктан жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү мыйзамдарды кайрадан анализдеп көрүп, аны өркүндөтүү зарыл. Көп учурда кабыл алынган мыйзамдар толук кандуу иштебей, тескерисинче, тоскоолдук жараткан учурлары байкалат.

Күчтүү райондук бийлик гана региондорду өнүктүрүүдөгү реалдуу таяныч, күч болуп бере тургандыгы талашсыз маселе.

Биз, бүгүн райондук мамлекеттик бийликтин реалдуу таасирин күчөтүү менен, аларга ыйгарым укукту берүү менен гана аймактарды алдыга чыгара алабыз. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарын жана дараметин күчөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо — аймактык башкаруунун горизонталын бекемдейт, бюрократияны кыскартат, жергиликтүү жамааттын бийликке болгон ишенимин арттырат.

Айрым министрликтер менен ведомстволордун территориялык бөлүмдөрүн райакимдердин кароосуна өткөрүп берип, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ролун күчөтүү зарыл.

Жетинчи: Жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү дагы бир маселени атайын өзүнчө бөлүп айта кетейин.

Акыркы кезде айыл өкмөт башчысын же шаар мэрин шайлоодо жергиликтүү кеңеш жөндөмсүздүгүн көрсөткөн учурлар көп болууда. Жергиликтүү кеңештин төрагасын да шайлай албаган учурлар да жок эмес. Мындай көрүнүштүн кесепетинен жергиликтүү кеңешти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгы келип чыгууда. А бул болсо кошумча каражат, кошумча убакытты, эмгекти талап кылууда. Ачыгын айтканда, жергиликтүү аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоо оюнга айланып жатат. Бул оюндардан улам мамлекет зыянга учурап жатат.

Эгер жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү маселелерди чече албаса, анда ошондой жөндөмсүз кеңештин ыйгарым иштөө мөөнөтүнө мамлекеттик түз башкарууну киргизип, мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо аркылуу жалпы жергиликтүү кырдаалды башкаруу муктаждыгы келип чыгат.

Мыйзамда мамлекеттик түз башкаруу институту бар, бирок ал бир да жолу пайдаланылган эмес. Башкаруунун ушул куралын пайдаланууга убакыт жетти көрүнөт.

Жогоруда белгиленген максаттарды ишке ашыруу менен биз айыл жергесинде жашоо шартын жакшыртабыз, жеринде жумуш орундарын түзөбүз, миграцияны азайтабыз.

Аймактарды  өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан жумшалган күч, каржылык ресурс, бекем эрк керек. Өнүгүүнүн субъектиси – мамлекет болуш керек. Өнүгүү бир жылда эле болуп калбайт. Быйыл күчтүү импульс берилип, бул иштер кийинки жылдары дагы уланат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты