«Манас» аэропортунун жүргүнчүлөрү арбып, 3, 5 млн ашык болду

«Манас» аэропортунун жүргүнчүлөрү арбып, 3, 5 млн ашык болду2017-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык “Манас” аэропортунун жүргүнчүлөрү андан мурунку жылга салыштырмалуу көбөйдү. 2017-жылы 3 млн 586 миң 337 жүргүнчү катталып, бул 2016- жылдагыдан 503 миң 406 жүргүнчүгө арбыды.

2017-жылы “Манас” эл аралык аэропорту жүргүнчүлөрдүн санын көбөйткөнүн аэропорттун басма сөз кызматы маалымдады. “Манаста”  2017-жылы 3 млн 586 миң 337 жүргүнчү катталган. Бул 2016-жылдагыдан  503 миң 406 жүргүнчүгө арбын болгонун билдирет.

Булардын ичинен өлкө ичиндеги каттамдарда 1 млн 317 миң 775 жүргүнчү, эл аралык каттамдарда 2 млн. 268 миң 562 жүргүнчү катталган.

“Манас” аэропорту өткөн жылы суткасына орто эсеп менен 9, 9 миң  жүргүнчүнү  тейлеген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты