Ажылыкка барчуларды каттоо башталды

Ажылыкка барчуларды каттоо башталдыБүгүн, 23-январда, Сауд Аравиясына ажылыкка бара турган  кыргызстандыктарды каттоо башталды, ал 23-февралга чейин созулат.

Ажылыкка баруу баасы бир кишиге 2 миң доллар 760 сом. Бул жылы Сауд Аравиясына ажылыкка Кыргызстанга 5, 4 миң орун, өткөн жылы Кыргызстанга 4 миң 760 орун бөлүнгөн.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча башкармалыгынан билдиргендей, өлкөнүн бардык аймагында ажылыкка каттоо башталды.  Бара тургандардын жашы  18ден жогору болушу керек.  Каттоо сөзсүз биометрикалык паспорт боюнча жүргүзүлөт; Негизги  чыгымдан тышкары банкка кошумча 500 доллар төлөш керек; ошондой эле 1000 сом; ажылыкка бара турган адам жашаган жеринде каттоодо турушу керек; чет өлкөлүк паспорту болушу керек. Аялдар үчүн кошумча жанында эркек тууганы болушу шарт; нике тууралуу күбөлүгү; ден соолугу тууралуу справка; 3х 4 өлчөмүндөгү 4 сүрөтү; келишим кагазына кол коюшу керек; кийиминин өлчөмү. Аймактык каттоо пункттарында бул жана башка шарттарды ажылыкка бара тургандарга толугу менен айтып беришет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты