Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

(Башы гезиттин  өткөн  санында)

Референдум сабактары   же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндөАдилеттүүлүктү, калыстыкты, акыйкаттуулукту туу тутуп жашоого, бул дөөлөттөрдү  иш жүзүндө аткарууга  караганда,  аларды башка бирөөлөрдөн  талап кылып  күрөшүү, акыйкаттык үчүн жапа чегүү  жеңил окшобойбу.  Биздин шартта бул турмуш чындыгын  2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель революцияларынын шарданы менен бийлик башына келип-кетүүлөр даана көрсөттү.  Акаев заманында Феликс Кулов камалды, мойнуна оор кылмыш тагылды, соттолду. Вице-президент, губернатор, коопсуздук кызматынын башчысы, Бишкек шаарынын мэри сымал бийик даражадагы кызматтарды аркалап келген генерал ууру, жемкор аталды.  Бирок коом анча ишене бербеди, “Кулов коррупционер” деген сөзгө караганда, “бийликтин куугунтугу” дегенге эл көбүрөөк ынанып турду.  Ошентип  Кулов акыйкаттык үчүн күрөштүн туусуна айланды, “адилеттик, чындык” деп жалындуу сөздөрдү айтты, түрмөдө жапа чегип отурду.  Анан эмне болду?  24-март күнү кечке жуук миңдеген адамдар Ак үйдүн алдында “Ку-лов, Ку-лов…” деп ураан салып турду, ал жерде мен да бар элем, генерал Кулов түрмөдөн бошотулуп келди, элдик баатырга айланды, мамлекет башчы болом деген дымагын айтты, көпчүлүк колдоду. Анан барып Бакиев менен тандем түзүп, экинин бири болуп отуруп калды, илгеркиче айтканда “жарым пааша” бийлигин колго алды, 2005-2006-жылдары, Өкмөттү башкарып отурду. Ал учурда Бакиевдин бийлигинин басмайылы  анча бекий элек, олку-солку болуп турган учуру, бир туугандары менен балдары да мансапка аралаша элек. Бирок баягы “күрөшүп, талап кылып, камалып, жабыр тартып, жапа чегип” жүргөн Кулов жоголуп, таптакыр башка Кулов пайда болду, Бакиевдердин үй-бүлөлүк  жемкор, канкор бийлигинин орношуна тикелей катышып, аларга кызмат кылды, алар чийинден чыгып “жиндичиликке” баш уруп бара жатканын көрүп туруп унчукпады,  колдоду.  2006-жылкы ноябрь митингдеринде  “Бакиевден бөлүн, эл тарапка өт” деп ошол эле Атамбаев, Сариевдер талап кылганда  “макул, макул” деп туруп ойт берип, бакиевдердин камчысын ого бетер көөшөрө чабышканын, андан ары алардын таптакыр эле “желмогузга” айланып кетишине чоң салып кошконун баарыбыз билебиз. Бул тарыхый чындык. Бул жерде башка мисалдарды келтирип, саймедиреп жазбай деле койсом болот, азыр элдин эсинен чыгып кете элек ал учур.

Мына ошол учурда Ак үйдүн маңдайында орнотулган трибунадан түшпөй жалындуу сөз сүйлөп элди шыктандырып, ошол эле Куловдон акыйкаттыкты талап кылып жүргөн Атамбаевдин мисалын алсак. Ал окуялардан бир жыл өтүп өтпөй эле Өкмөттүн башына барып отуруп калбадыбы.  Айткан сөзү дагы, кылган иши дагы таптакыр өзгөрдү.  Кечээ эле Бакиевди  боктоп, “саясий өлүк” деп кыйкырып аткан Атамбаев, тескерисинче,  мактап эле жатып калды, ошол эле Куловдун эл ичиндеги “темир генерал” деген ылакап атын “дат баскан генерал” деп келеке кылды, кечээ эле өзү баштап митингге чыгарып жүргөн кишилерди 2007-жылдагы апрель айындагы митингде аянттан газ менен аткылатып, резина келтек менен сабатып кубалап, каматып, тигилген боз үйлөрдү машине менен жөөлөтүп, элди койго теңеп мазактаганга чейин барды.  Башкасы башка, бирок ошол жердеги ар бир кыргыз үчүн ыйык болгон “Боз үйдү талкалатып, түндүктү түшүрүп машинеге тебелетпей эле койсо болмок”  деп Атамбаевдин бул кылыгын эл жактырган эмес, аягы жакшы  болбойт деп жамандыкка жооруп, наалат айтып каргашканы азыр да кулакта жаңырып турат.  Сырттан келген жоону чапкандай эле чаппады беле.

Заман дагы бир жолу оодарылып, Бакиев болсо Атамбаевди жонго таптамыш болуп, келекелеп орден тагып, а чынында көчүккө тээп, Ак үйдөн айдап чыгып салды.  Кечээле “көпүрө болом, эл үчүн күйөм” деп көкүрөк каккан Атамбаев “саткын” аталып, элге чыкмак тургай эки кишинин башы кошулган жерге бара албай отуруп калды эле го. Ошол эле 2008-жылдын ноябрь айында өткөн Элдик Курултайда залда отурган эл дуулдап, президиумда отурган Атамбаевди сүйрөп чыгарып сала турган болуп калганда Жекшенкулов, Бекназаровдор жүйөлүү сөз айтып, кепилдикти өздөрүнө алып, Атамбаевди арачалап калганына да баарыбыз күбөбүз. Болбосо ошол жерден “койдон бөлүнгөн эчкидей болуп” кубаланып кетсе Атамбаевдин кадыры  таптакыр түшүп калмак. Ошентип Атамбаев кайра оппозицияга келип, кайрадан “адилеттик, калыстык, акыйкаттык” деген жалындуу сөздөрдү айта баштады.

Кудайдын буйругу экен, маңдайга жазыптыр, беш жылдан бери Атамбаев президенттик кылып турат, мына быйыл алтынчы жылга карап, мыйзам чегинде мөөнөтү бүтүп, жылдын аягында кетем деп да турат.  Кейиштүүсү, Атамбаев өзү жар салып жүргөн адилеттикти, калыстыкты, акыйкаттыкты кармана албады, мурдагы эле көнүмүш иштерге кирип кетти. Айрыкча кейиштүү нерсе, Акаевдин заманында генерал Куловго, демократ Тургуналиевге жана башка саясий каршылаштарга карата, Бакиевдин заманында генерал Исаковго, дипломат Жекшенкуловго жана башкаларга карата  жасалма “кылмыш иштери” кандай  колдонулса,  азыр дагы кайрадан  эле ошол ыкма пайдаланылып, ошол эле жолго түшүп алышкандыгы.  2008-жылдын апрель айында Каркыра боюнча чечимге каршы митингдерди уюштурууга жигердүү катыша баштаганымдан улам мага карата дагы  “кылмыш иши” козголуп, 2009-жылдын аягына чейин сотто айыпталуучу катары отургам. Ал учурда түрмөгө кесүүгө таптакыр негиз жок болгондуктан, ишти кыскартууга аргасыз болушкан, кийин соттон биротоло акталганмын, кылмыш кылуу фактысы жок деп.  Тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы, эми азыр Атамбаевдин буйругу менен ошол ишти да кайра көтөрүп, мага жаңыдан айып тага албасына көздөрү жеткенден кийин жок дегенде жаманатты кылууга пайдаланалы деп өз гезиттерине дембе-дем ошону жаздырып жатышат, Каптагаевге баланча кезде кылмыш иши козголгон деп. 2009-жылы Атамбаев өзү да “Каптагаевге козголгон кылмыш иши саясий заказ” деп айтып жүргөн, эми келип тескерисинен айланткысы келип калганына күлгөндөн башка айла жок.  Эми мындай мисалдар толтура. Ошол эле Текебаевди алалы. Бакиевдер анын чамтасына баңгизат сала коюп жаманатты  кылып, каматабыз деп аракет кылышса, Атамбаев болсо кайдагы бир Белиз деген жерден жасалма документ даярдата коюп, “Мегаком” компаниясынан үлүш алмак экен деп жаманатты кылуунун аракетинде.  Мына ушул ыплас иштердин баарын Акаев, Бакиев же Атамбаев өздөрүнүн колу менен жасашкан жок.  Бийликти кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызмат адамдарын, прокуратура, коопсуздук кызматынын, милициянын кызматкерлерин жумшап, ошолордун колу менен жасап жатышат.

Бул жагдайдан бир чоң тыянак чыгарууга болот. Бийлик башындагы адамдын колун ушул жагынан кыскартып, аны мансапка манчыркатып, көзүн тумандатып аткан нерселерден арылтуу керек, сот, прокуратура, милиция жана мамлекеттик коопсуздук кызматын  саясий күрөштө пайдаланууга тыюу салып, аларды саясаттын алкагынын сырткары чыгаруу зарыл.  Өлкөнү “жиндичиликтен” коргоонун бир жолу ушул.

Антпесе саясий заказ менен бейкүнөө адамдар кысымга алынып, аларга же алардын жакындарына кылмыш иштери козголуп,  курулай жалаа менен соттолуп да кетип жатпайбы.  Тагдырдын тамашасы ушул экен ошол Акаев, Бакиев заманындагы “желдет” болуп келген тергөөчүлөр азыр дагы кызматта, ошолор эле иштеп жүрүшөт.  Кечээ эле Атамбаевдин өзүнө иш козгоп, аны камайбыз деп материал топтоп жүргөн кызматкер бүгүн анын буйругу менен Карганбек Самаковго, Аида  Саляновага же Алманбет Шыкмаматовго иш козгоп, аларды камоонун аракетин кылып жатат. Дагы бир заман оодарылып кетсе ошол эле тергөөчү Атамбаевдин өзүнө, анын жанындагы жан жөөкөрлөрүнө кылмыш ишин козгоп, камакка алаары да шексиз эле иш. Мындай көрүнүш коомдо эки жүздүүлүккө,  мамлекеттик  кызматтын  бейпринциптигине, ыймансыз бийликтин калыптанышына шарт түзөт.

2010-жылы жаңы Конституцияга ылайык бийлик түзүмүн талкуулап жатканда  Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Прокуратура президенттин карамагында болуусун мен дагы колдодум эле, Баш мыйзамга мына ушундай норма жазылган. Бул натуура иш болуптур.  Көрсө “шайтандын шапалагы” мына ушул эки орган экен, ушул эки органдын күчүн, анан ага кошумча мыйзамсыз түзүлгөн Коррупцияга каршы кызматты пайдаланып, Атамбаев жеке мансабын чыңдоого жетишти, ал эми сотторду тандоо жана дайындоодо акыркы сөз өзүндө болгонун пайдаланып Сот системасын да менчиктештирип алды. Ошентип бийлик түзүмүндөгү тең салмактуулук бузулду,  Президенттик бийлик кезектеги ажыдаарга айланды.

Былтыр Атамбаев “референдум зордугу” менен дарбазаны кенен ачып салды, мындан ары Конституция да кол тийбестигинен ажырады, буюрса эмдиги 2018-жылы да жаңы Баш мыйзам кабыл алуу үчүн референдум өтчүдөй болуп турат.  Мына ошол жаңы Баш мыйзамга Президенттин карамагынан прокуратура менен коопсуздук кызматын алып салуучу өзгөртүү киргизүү максатка ылайык. Ошону менен катар төмөнкү мазмундагы беренелерди азыр чукулунан мыйзам-ченем актыларына  кошуу менен биз коомдогу адилеттик, калыстык жана акыйкаттык орношуна карай бир кадам жакындайбыз деген ишеним бар.

Биринчиден, мамлекеттик кызмат абалын саясий кызыкчылыкта пайдалануу же пайдаланууга карата аракет жарандык жана саясий укуктар менен эркиндиктерге каршы жасалган өтө оор кылмыш катары каралууга тийиш,  мындай кызмат адамы (президент, премьер-министр  же дагы башка жогорку кызматтагы адам) токтоосуз кызматтан четтетилүүгө тийиш.

Экинчиден, мамлекеттик же муниципалдык  кызматтагы адамдар өз карамагында иштеп жаткан кызматкерлерди  кандайдыр бир саясий партиянын максаттарын колдоого, саясий акцияларга жана шайлоо учурунда үгүт иштерине катышууга мажбурлоого укугу жок болууга тийиш. Мындай иш-аракет үчүн административдик жана кылмыш  жоопкерчилигине  тартуу керек.

Үчүнчүдөн,  соттун судьяларынын, прокуратура, коопсуздук кызматы жана милиция кызматкерлеринин  саясий партияга мүчө болушуна, кандайдыр бир саясий күчтөрдү же  партияны колдошуна, саясий максат менен же жогорку кызмат ордунда турган адамдын буйругу, тукуруусу менен жеке адамдарга, саясий партияларга жана коомдук уюмдарга кысым көрсөтүүсүнө тыюу салынышы керек.  Мындай  иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги сөзсүз аныкталуусу зарыл.

Булар чукул арада жасала турган зарыл иштер. 2017-жылдын ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоо таза өтсүн десек, ал жерде таза атаандаштык болуп, эл колдогон киши шайлансын десек, Жогорку Кеңештин депутаттары ушул маселелерди бир-эки айдын ичинде мыйзамдаштырууну колго алуусу зарыл деп ойлойм.

(уландысы бар)

Эмилбек КаптагаевРеферендум сабактары   же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты