Көчмөндөр оюндары—Нидерландыда көргөзмөдө болду

Көчмөндөр оюндары—Нидерландыда көргөзмөдө болдуБельгиядагы Кыргызстандын элчилигинин көмөгү менен Нидерландынын ири үч көргөзмө-жарманкесинде Кыргызстан туристтик дараметин, анын ичинде ушул жылдын сентябрь айында боло турган III Көчмөндөр оюндарын презентациялады.   Боло турган III көчмөндөр оюндарынын  «The Legend of the Great Nomads», «Welcome to the World Nomad Games 2018» видеороликтери көрсөтүлдү.

Амстердам жана Бреда шаарларында 20-21-январда, ага чейин 6-7-январда да,  “Кыргыз мурас”, “Ала Тоо трэвел” ж.б. 8 тур оператор туристтик көргөзмөлөргө катышты. Ал эми “Кыргыз мурас” компаниясы келерки көчмөндөр оюндарына нидерланддык туристтерди тартмакчы.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты