Мыйзамсыз миграция уюштурган

Мыйзамсыз миграция уюштурганИИМдин басма сөз кызматынан маалымдагандай, Кыргызстанда 3 айдан ашык убакыттан бери мыйзамсыз миграция агымын уюштуруп жүргөн 29 жаштагы чет өлкөлүк жаран 17-январда  кармалды.

Бахрейн өлкөсүнүн жаранын Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бирине Пакистандын “Хизар” аттуу жараны Кыргызстандагы университетке окуу үчүн чакырган.  2017-жылдын 11-октярбрында  “Манас” аэропортунан аны “Хизар” күтүп алып, анын 2000 АКШ долларын, паспортун алып,  визасын узартып, жогорку окуу жайга өткөрөм деп убада берген.

Акчаны, документти алган боюнча качып жүргөн “Хизар” аттуу жаран ИИМдин оперативдүү-иликтөө иш-чаралары учурунда кармалды. Ал Бишкекте жашаган Пакистан Ислам Республикасынын 25 жаштагы жараны Х.А. болуп чыкты жана мыйзамсыз миграция уюштургандыгы, шылуундук жасагандыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты